Сарпашевдин 530 гектар жери Торкендин балансына алынды

© Sputnik / Табылды КадырбековМурдагы вице-премьер Тайырбек Сарпашев. Архив
Мурдагы вице-премьер Тайырбек Сарпашев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Финансы полициясы Тайырбек Сарпашевдин башка мал-мүлкүнүн мыйзамдуулугун дагы сотко чейинки өндүрүштүн алкагында териштирип жатат.

БИШКЕК, 7-дек. – Sputnik. Мурдагы вице-премьер Тайырбек Сарпашевдин мамлекетке кайтарылган жайыт багытындагы 530 гектар жери Токтогул районундагы Торкен айыл өкмөтүнүн балансына алынды. Бул тууралуу Финполдон билдиришти.

Белгилей кетсек, учурда Сарпашевдин мыйзамсыз байыгандыгы туурасындагы иш иликтенип жатат. Тергөөнүн баштапкы этабында Сарпашев мурда өзүнө өткөрүп алган мыйзамсыз мүлктү мамлекетке кайтарууга макулдугун берген.

"Финпол кайтарылган жерди Торкендеги жакыр жашаган адамдарга бөлүштүрүү ишин дагы көзөмөлдөйт", — деп айтылат маалыматта.

Финансы полициясы Тайырбек Сарпашевдин башка мал-мүлкүнүн мыйзамдуулугун дагы сотко чейинки өндүрүш иштин алкагында териштирип жатат. Сарпашев 9-декабрь күнү саат 16:00гө сурак берүү үчүн чакыртылганы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0