Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков. Архив

Жогорку сот Сапар Исаковдун Тарых музейи боюнча өкүмүн жокко чыгарды

2883
(жаңыланган 15:33 07.12.2020)
Муну менен бирге президенттин аппаратынын жарандык өнүктүрүү, дин жана этникалык саясат бөлүмүн жетектеген Мира Карыбаевага чыккан өкүм дагы жокко чыгарылган.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Жогорку сот мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго карата Тарых музейи менен Чолпон-Атадагы ипподромдун реконструкциясы боюнча чыккан өкүмдү жокко чыгарды. Бул тууралуу Жогорку соттон билдиришти.

Эске салсак, кылмыш иштери бир өндүрүшкө бириктирилген болчу.

Мындан сырткары, президенттин аппаратынын жарандык өнүктүрүү, дин жана этникалык саясат бөлүмүн жетектеген Мира Карыбаевага чыккан өкүм дагы жокко чыгарылган.

Ишти кайра кароо үчүн Биринчи май райондук сотуна жөнөтүлдү.

Эске салсак, Сапар Исаков бул иштер боюнча 18 жылга эркинен ажыратылган. Биринчи май райондук соту Исаковду 247 миллион сомдук айыпка жыккан. Мурдагы премьер-министр Бишкек ТЭЦин модернизациялоо иши боюнча дагы 15 жылга кесилген.

2883
Белгилер:
жогорку сот, кылмыш иши, Сапар Исаков
Тема:
Сапар Исаковдун камалышы (42)
Тема боюнча
Сот Канат Сагымбаевди үй камагына чыгарып, Фарид Ниязовду абакта калтырды
Жогорку Кеңеш. Архив

Жогорку Кеңеште жаңы вице-спикер шайланууда. Көрсөтүлгөн талапкерлер

178
(жаңыланган 12:24 27.01.2021)
Төраганын орун басары кызматына парламенттин оппозициялык фракцияларынын квотасы менен көрсөтүлүп, шайланат.

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары вице-спикерди шайлап жатат.

Төраганын орун басары кызматына оппозициялык фракциялардын квотасы менен көрсөтүлөт. "Ата Мекен" фракциясы Нурбек Сыдыгалиевди, "Өнүгүү – Прогресс" фракциясы Уланбек Исмаиловдун талапкерлигин сунуштады.

Мурдагы вице-спикер Мирлан Бакиров белгисиз себептерден улам өткөн жылдын 23-декабрында кызматын тапшырып кеткен.

178
Белгилер:
депутат, талапкер, шайлоо, вице-спикер, Жогорку Кеңеш, Мирлан Бакиров, Нурбек Сыдыгалиев, Уланбек Исмаилов
Тема боюнча
Садыр Жапаров премьерликтен качан кетиши керек? Өкмөттү кандай тагдыр күтөт
Аягына чейин иштесеңиз болмок. Касымалиева кызматтан кеткен Бакировго кайрылды
Улуттук гвардиянын маршы. Архив

Генералдык штаб кайрадан Коргоо министрлигине айланышы ыктымал

67
(жаңыланган 12:08 27.01.2021)
Учурда КМШ мамлекеттеринин ичинен Кыргызстанда эле аскердик тармактын башкы командалык органы Генералдык штаб экени белгиленди. Куралдуу күчтөр бул мекемеге 2014-жылы бириккен.

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабын кайрадан Коргоо министрлиги деп өзгөртүү маселеси каралып жатат. Бул тууралуу маалыматты Генштабдын маалымат кызматы тастыктады.

Мекеменин Facebook баракчасында "Жарандар министрликти түзүүгө кандай карайт?" деген сурамжылоо жүргүзүлгөн. Анда элдин көбү бул идеяны колдогон.

"Өлкөгө жаңы жетекчинин келиши менен эски системага кайтуу планы бар. Тагыраагы, мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн", — деп белгилеген Генералдык штаб.

Учурда КМШ мамлекеттеринин ичинен Кыргызстанда эле аскердик тармактын башкы командалык органы Генералдык штаб экени белгиленди. Коргоо министрлигине кайтуу менен өлкөнүн аскердик доктринасы өзгөрөт.

Эске салсак, Куралдуу күчтөр Генералдык штабга 2014-жылы бириккен.

2018-жылы Жогорку Кеңеште Коргоо министрлигин кайтаруу маселеси көтөрүлгөн. Анда депутат Алмамбет Шыкмаматов Генштабдын генералдары чет мамлекеттерде таанылбай жатканын, анткени мындай орган сыртта анча маанилүү мекеме эместигин белгилеген.

67
Белгилер:
өзгөртүүлөр, мыйзам, реформа, Коргоо министрлиги, Генералдык штаб, Куралдуу күчтөр, Кыргызстан