Талант Мамытов Мамдуманын төрагасы менен жолукту. Талкууланган маселелер

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаКыргызстандын парламентинин төрагасы Талант Мамытов жана Мамдуманын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушу
Кыргызстандын парламентинин төрагасы Талант Мамытов жана Мамдуманын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Талант Мамытов менен Вячеслав Володин эки тараптуу кызматташууну мындан ары дагы бекемдөө зарылдыгын жана башка бир катар маселелерди талкуулашкан.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Кыргызстандын парламентинин төрагасы Талант Мамытов Россияга иш сапары менен барып, Мамдуманын төрагасы Вячеслав Володин менен жолукту.

Тараптар пандемияга байланыштуу токтоп калган аба каттамдарды жандантуу, чек ара кызматтарынын иши боюнча механизмдерди карап чыгуу жана эмгек мигранттары боюнча көйгөйлөрдү жөнгө салуу сыяктуу маселелерди талкуулашканы Мамдуманын сайтына жарыяланды.

Володин жогорудагы маселелерди профилдик комитеттерде кененирээк талкуулоону сунуштап, Думанын КМШ иштери, Евразия интеграциясы жана мекендештер менен байланыш боюнча комитетинин төрагасы Леонид Калашниковго тапшырды.

"Биздин мамлекеттер стратегиялык өнөктөштөр. Кыргызстан ЖККУга мүчө – бул кызматташуунун эң жогорку деңгээли. Буга байланыштуу сиздер белгилеген маселелерди чечүүдө колдоо көрсөтөбүз. Ошондой эле Россияга иштегени келген КР жарандарына ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн иштер аткарылат", — деди Володин.

Кыргызстандагы орус тилинин расмий макамы боюнча дагы кеп козголду.

Вячеслав Володин республикада орус тилине расмий макам берилгендиктен Кыргызстандын жарандарына Россияда ишке орношуу жеңил экенин белгиледи.

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаКыргызстандын парламентинин төрагасы Талант Мамытов Россияга Мамдуманын төрагасы Вячеслав Володин менен
Талант Мамытов Мамдуманын төрагасы менен жолукту. Талкууланган маселелер - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын парламентинин төрагасы Талант Мамытов Россияга Мамдуманын төрагасы Вячеслав Володин менен

"Кыргызстандык жарандардын орус тилин мыкты билгендиги аларды башкалардан айырмалап турат", — деди Думанын төрагасы.

Ал эми Талант Мамытов орус тилинин статусу боюнча маселе жаңы Конституция иштелип жатканда дагы көтөрүлгөнүн билдирип, катышуучулардын көпчүлүгү орус тилинин макамын сактоону колдошконун белгиледи.

Володин болсо келечек интеграцияда жана анын кайсы мамлекеттер менен артыкчылыктуу экенине көңүл бөлүү зарылдыгын белгилеген.

"Кээ бир мамлекеттерде саясатчылар интеграция тууралуу сөз болгондо АКШ тарапты карай берет. Ал эми кыйнала баштаса Россияга кайрылышат", — деген Володин.

Талант Мамытов Кыргызстан Россиянын ишенимдүү өнөктөшү экенине токтолгон.

Мамлекеттик Думанын депутаты Геннадий Онищенко. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мамдума депутаты: жаңы жылдык эс алуу россиялыктардын ден соолугуна зыян
"Көп жылдык достук мамиледе болгон Кыргызстан Россиянын ишенимдүү өнөктөшү бойдон калат. Белгилей кетчү жагдай, Кыргызстан өзүнүн бардык эл аралык жана мурда кол коюлган эки тараптуу, көп тараптуу келишимдер боюнча алган милдеттенмелерин аткарат", — деген Мамытов.

Эки тараптуу жолугушууда жаңы Конституция темасы дагы талкууланган.

"Сиздер мамлекетиңиздерди жана жарандарды коргоо үчүн бардык аракеттерди көрүшүңүздөр керек. Кыргызстандын күчтүү жана суверендүү мамлекет болгону Россия үчүн маанилүү", — деди Володин.

Талант Мамытов Кыргызстанда 10-январда өтө турган президенттик шайлоого ЖККУнун Парламенттик ассамблеясынан байкоочулардын делегациясын жөнөтүүнү сунуштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0