ТИМ КРдеги АКШ элчилигине өлкөнүн ички ишине кийлигишпөөсүн айтты

© Фото / пресс-служба МИД КРАКШ элчиси Дональд Лу. Архив
АКШ элчиси Дональд Лу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тышкы саясат боюнча ведомство дипломатиялык өкүлчүлүккө элчи Дональд Лунун кайрылуусунда өлкөнүн ички ишине кийлигишкен элементтер бар экендигин эскертти.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШ элчиси Дональд Лунун Кыргызстандагы кылмыштуулук боюнча кырдаал жаатында жасаган билдирүүсүнө жооп кылды.

Тышкы саясат боюнча ведомствонун билдирүүсү Twitter тармагындагы баракчасына жарыяланган.

​Анда АКШ элчиси Дональд Лунун жакында эле ЖМКга жарыяланган кайрылуусунда өлкөнүн ички ишине кийлигишкен жана тергөөгө басым жасаган элементтер бар экендиги айтылган.

"Өзгөрүлбөй турган эл аралык мамилелердин принциптери улуттук мыйзамдар сыяктуу кандай гана туура максаттарды көздөбөсүн эч качан бузулбашы керек", — деп билдирди ТИМден.

Буга чейин элчи ЖМКларга сыйлык тапшыруу салтанатындагы өзүнүн видеокайрылуусунда өлкөдө кылмыш империясы бар деген пикирин айткан. Лу сөзүндө мурдагы бийликтин кылмыштуулук менен күрөшүүдө катасы бар деп айтып, азыркы өкмөттүн "кылмыштуулук клан" менен күрөшүү шартын атаган. Элчи Бажы боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасынын мурдагы орун басары Раим Матраимов менен крим дүйнөнүн аталыгы Камчы Көлбаевдин кармалышын эскертип, азыркы болуп жаткан кырдаал "голливуд фильмдерине окшош" деген мүнөздөмө берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0