Бишкек мэриясында бир нече жетекчи алмашты. Тизме

Жазылуу
Борбор калаа жетекчилигинен билдиришкендей, жаңы кызматкердин бардыгы сынактын негизинде тандалып алынды.

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Бишкек башчысынын милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев жамаатка жыйын өткөрүп, жаңы дайындалган кызматкерлер менен тааныштырды. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматынан билдиришти.

Алар:

  • Абдес Анарбеков — мэрия аппаратынын жетекчиси болуп дайындалды, мурда милдетин аткаруучу болуп келген;
  • Мырза-Айым Камчыбекова — мэриянын юридикалык бөлүмүнүн жетекчиси;
  • Асхат Осмонов — мэрдин милдетин аткаруучунун кеңешчиси;
  • Нурлан Наматов — "Бишкек санитардык полигону" муниципалдык ишканасынын жетекчиси;
  • Тынчтык Медербеков — "Бишкек санитардык полигону" муниципалдык ишканасынын жетекчисинин орун басары;
  • Адилет Курпердиев — "Бишкек наабайкана" ишканасынын жетекчиси;
  • Бакай Турдугулов — Жер ресурстары башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу;
  • Азамат Сагындык уулу — жер саясаты, курулуш жана архитектура боюнча вице-мэр.
Жаңылыктар түрмөгү
0