Новиков Ферганада иш сапар менен жүрөт. Эмне маселе каралууда

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевПремьер-министрдин милдетин аткарып жаткан Артем Новиков Фергана шаарында
Премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан Артем Новиков Фергана шаарында - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Новиков барган жыйынга Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арага жакын жайгашкан аймактарынын жетекчилери жана бир нече министр катышууда.

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан Артем Новиков Фергана шаарында Кыргыз өкмөтүнүн чек арага чектеш облустарынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Өзбекстандын чек ара аймактарынын акимдеринин кеңешинин III жыйынына катышууда. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

"Жыйында эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, чек ара көйгөйлөрү жана эки тараптуу мамилелердин бардык тармактарын мындан ары активдештирүү талкууланууда", - деп айтылган маалыматта.

Кеңешмеге кыргыз тараптан КРдин Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусов, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев, транспорт жана жолдор министри Бакыт Бердалиев, өкмөттүн Жалал-Абад, Баткен жана Ош облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү Абсаттар Сыргабаев, Жаныбек Жалалов, Жарасул Абдураимов, тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев жана экономика министринин орун басары Султан Ахматов катышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0