Министр Казакбаев Россия элчиси жана ишкерлери менен жолукту

© Фото / пресс-служба МИД КРВстреча министра иностранных дел КР Руслана Казакбаева с представителями ряда российских компаний и ассоциаций
Встреча министра иностранных дел КР Руслана Казакбаева с представителями ряда российских компаний и ассоциаций - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия менен Кыргызстандын өкүлдөрү жолугушуп, экономика, ишкерлик, инвестиция жаатындагы мындан аркы кызматташтык боюнча пикир алмашты.

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин демилгеси менен РФтин Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко, Соода өкүлү Валерий Латыпов жана Кыргызстанда иштеп жаткан бир катар россиялык компаниялардын өкүлдөрү жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Кыргыз тараптан иш-чарага Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев, Ички иштер министрлигинин, Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин өкүлдөрү катышты.

"Биздин өлкөлөрдүн ортосунда бардык деңгээлде маанилүү саясий диалог түзүлдү, ар кандай тармактарда үзүрлүү кызматташтык, ошондой эле евразиялык интеграциянын алкагында өнөктөштүктүн өз ара аракеттенүүсү жүрүп жатат. Россия өкмөтүнө жана компанияларына коронавирусту жеңүүгө жардам бергендиги үчүн ыраазычылык билдиребиз", — деди Казакбаев.

Ошондой эле россиялык түз инвестициялар жана соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү маселелерине көңүл бурулду.

Министр Кыргызстандагы ички саясий кырдаалдын турукташканын, россиялык ишканалардын кызматкерлеринин коопсуздугун, мүлкүнүн сакталышын камсыз кылуу боюнча жасалган иштерди айтып берди.

Встреча главы МИД России и Киргизии С. Лаврова и Р. Казакбаева - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан референдум өткөрүүгө БУУдан техникалык жардам сурады
Элчи Николай Удовиченко өз кезегинде Россия ишкердигинин КРдин экономикасындагы ролу жана салымын белгилеп кетти. Ошондой эле ал өлкөдө ишкердик климаттын жакшырышына ишеним арта турганын айтып, россиялык компаниялар Кыргызстанда болуп жаткан саясий окуяларга кылдат мамиле кыларын кошумчалады.

Кыргыз тарап өлкөдө мындан эки ай мурун болгон туруксуз абалдан айрым терс күчтөр пайдаланып, инвесторлордун мүлкүнө зыян келтиргенин, анда россиялык компаниялар да жабыр тартышканын моюндады.

Ошондой эле жолугушуунун катышуучуларына КР Тышкы иштер министрлигинин алдында чет элдик инвестицияларды коргоо үчүн Экономикалык дипломатия департаменти түзүлгөнү айтылды. Мындан улам россиялык ишкерлерге департамент менен тыгыз байланышып, көйгөйлөрдү чечүү жолдорун издөө боюнча эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү сунушталды.

Жолугушуунун аягында Казакбаев россиялык ишкерлерге ачык диалог үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0