Жогорку Кеңеш референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоорду биринчи окууда жактырды

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевРеферендум по внесению изменений в Конституцию Кыргызской Республики
Референдум по внесению изменений в Конституцию Кыргызской Республики - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Референдумду президенттик шайлоо менен катар 10-январда өткөрүү сунушталып жатат. Мыйзам долбоору 3-декабрда каралган.

БИШКЕК, 9 дек — Sputnik. Жогорку Кеңеш "Кыргызстандын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өткөрүү тууралуу" мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.

Тизмеден өзүн текшерип жаткан жаран. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандыктар шайлоочулардын тизмесинен өзүн текшере алат. Шарты
Вице-спикер Мирлан Бакиров маселе добушка коюлуп, өткөнүн айтты. Бирок канча депутат колдогону белгисиз. Себеби электрондук эсептөөнү көрсөткөн залдагы мониторлор иштебей калган. Мыйзам долбоору 3-декабрда каралган.

Белгилей кетсек, референдумду президенттик шайлоо менен катар 10-январда өткөрүү сунушталып жатат. Референдумда кыргызстандыктар президенттик же парламенттик башкаруу системасын тандашы керек болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0