Асылбек Жээнбеков октябрь окуясынан кийин алгачкы жолу ЖК жыйынына келди. Видео

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Асылбек Жээнбеков. Архив
Депутат Асылбек Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
9-декабрдагы парламент жыйынында "Кыргызстандын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өткөрүү тууралуу" мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда жактырылды.

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Депутат Асылбек Жээнбеков октябрь окуяларынан кийин бүгүн биринчи жолу Жогорку Кеңештин жыйынына катышты.

Депутаттар, алардын арасында Жээнбеков дагы добуш берип жаткан учурдун видеосу "Короче" Telegram каналына жүктөлдү.

Эске салсак, бүгүнкү, 9-декабрдагы, парламент жыйынында "Кыргызстандын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өткөрүү тууралуу" мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда жактырылды.

Экс-президент Сооронбай Жээнбековдун иниси, депутат Асылбек Жээнбеков өлкөдө бийлик алмашкандан бери Жогорку Кеңештин жыйындарында көрүнө элек болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0