Талант Мамытов: Россия Кыргызстанга көп маселеде жардам берүүгө даяр

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКР президентинин милдетин аткарып жаткан ЖК төрагасы Талант Мамытов
КР президентинин милдетин аткарып жаткан ЖК төрагасы Талант Мамытов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамытов COVID-19 менен күрөшүүгө дары-дармектер жетиштүү экенин, ошону менен катар эле Россия тараптын кошумча жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирген.

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Россия Кыргызстанга көптөгөн маселелер боюнча жардам берүүгө даяр. Бул туурасында КР президентинин милдетин аткарып жаткан ЖК төрагасы Талант Мамытов Россияга жасаган иш сапарынын жүрүшү тууралуу "Ала-Тоо 24" каналына маек куруп жатып билдирген.

Президенттик маалымат кызматы маекте эмнелер айтылгандыгы боюнча билдирүү таратты.

Мамытов Россия Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен болгон жолугушуунун жыйынтыгында жакшы натыйжалар болгондугун айткан.

Жолугушууда кыргызстандык эмгек мигранттарынын бир катар көйгөйлөрү — Россиянын Федералдык миграция кызматы тарабынан КРдин айрым жарандарынын Россияга кирүүсүнө тыюуга ("кара тизме") байланыштуу, милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин алуудагы кыйынчылыктар, авиакаттамдардын билеттеринин кымбаттыгы жана башкалар көтөрүлгөндүгү кабарланган.

"Мамлекет башчысынын милдетин аткарып жаткан Мамытов Вячеслав Володиндин Россия тараптын аталган маселелерди чечүүгө даярдыгын билдиргенин, тиешелүү эки тараптуу макулдашууларга кол коюу белгиленгендигин айтты", - деп билдирген маалымат кызматы.

Кыргызстандын парламентинин төрагасы Талант Мамытов жана Мамдуманын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушу - Sputnik Кыргызстан
Талант Мамытов Мамдуманын төрагасы менен жолукту. Талкууланган маселелер
Мамытов өлкөдө коронавирус инфекциясынын пандемиясы менен күрөшүүгө дары-дармектер жетиштүү экенин, ошону менен катар эле Россия тараптын кошумча жардам көрсөтүүгө даяр экенин кошумчалаган.

Мамытов, андан сырткары, өлкөдөгү саясий кампания — шайлоо туурасында да айткан.

Шайлоону ачык-айкын өткөрүү боюнча чаралар көрөлүп жатканын, мамлекеттик органдарга тийиштүү тапшырмалар берилип, ал эми аларга эл аралык байкоочулар дагы байкоо жүргүзөрүн кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0