Жогорку Кеңеш референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды

Жазылуу
Референдумду президенттик шайлоо менен бир күндө өткөрүү сунушталып жатат. Иш-чарада кыргызстандыктар президенттик же парламенттик башкаруу формасын тандашы керек.

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңеш "Кыргызстандын башкаруу формасын тандоо боюнча референдумду дайындоо жөнүндө" мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда жактырды.

Жогорку Кеңештин имаратынын алдында  митинг - Sputnik Кыргызстан
Уят, уят... Депутаттарды ЖК эшигинин алдынан митингчилер тосуп алды. Видео
Добуштарды электрондук эсептөө системасы иштебегендиктен депутаттар кол көтөрүштү. Вице-спикер Мирлан Бакиров 60 депутат "макул", төртөө каршы добуш бергенин билдирди. Мыйзам долбоору кечээ биринчи окуудан өткөн. Жалпысынан документти бекитүү үчүн парламентке эки гана күн керектелди. Документ президенттин милдетин убактылуу аткаруучу Талант Мамытовго кол коюуга жөнөтүлөт.

Референдумду президенттик шайлоо менен бир күндө өткөрүү, тагыраагы, 10-январга белгилөө сунушталып жатат. Референдумда кыргызстандыктар башкаруу формасын президенттик же парламенттик деп тандашы керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0