10-январь. Талант Мамытов референдумду дайындоо боюнча мыйзамга кол койду

© Sputnik / Табылды КадырбековАла-Арча мамлекеттик резиденциясы. Архив
Ала-Арча мамлекеттик резиденциясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Референдумда кыргызстандыктар өлкөнүн президенттик же парламенттик башкаруусун тандай алат, ошондой эле бардыгына каршы добуш берсе болот.

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Президенттин милдетин аткарып жаткан Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов "Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу" мыйзамына кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Аталган мыйзам ЖК тарабынан ушул жылдын 10-декабрында кабыл алынган. Анда өлкөнүн бардык аймагында 2021-жылдын 10-январында, жекшемби күнгө референдум дайындоо каралган.

Референдумга Кыргызстанды төмөндөгүдөй башкаруу формаларын тандоо маселеси чыгарылат:

  • президенттик республика;
  • парламенттик республика;
  • бардык варианттарга каршы.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0