КР — АКШ алакасы. ТИМ маалыматка өкүндү, бирок кийлигишпөө боюнча да айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековТышки иштер министрилигинин имараты. Архив
Тышки иштер министрилигинин имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан БУУнун Коррупцияга каршы Конвенциясынын мүчөсү болгондуктан АКШ гана эмес, достук мамиледеги башка өлкөлөр менен да тыгыз кызматташууга даяр экендиги айтылды.

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. ТИМ Кыргыз-америка мамилелери боюнча билдирүүнүн жалпы мазмунун контексттен үзүп алып берилгендигине өкүнгөндүгүн билдирип, бирок башкалардын Кыргызстандын ички иштерине кийлигишпөөсү туурасында да дагы бир ирет айтты. Бул маалыматты аталган министрликтин маалымат кызматы таратты.

"Айрым социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары тарабынан ТИМдин 7-декабрдагы кыргыз-америка мамилелерине байланыштуу билдирүүсүнүн жалпы мазмунун контексттен үзүп алып берилгендигин өкүнүү менен билдиребиз", — деп айтылган билдирүүдө.

Министрлик буга чейин коомчулукка Бишкекте Америка тарап менен жолугушуу болуп, анын жыйынтыгы боюнча коррупция, кылмыштуулук менен күрөшүү жаатында кызматташуу маселелери талкуулангандыгын кабарлады.

ТИМ КР Америка тарапка алардын ушул багыттагы кызматташуу боюнча сунушу үчүн ыраазычылык билдирерин, АКШ менен жетишилген макулдашууларды ырааттуу аткарып, министрлик АКШнын элчилигинен резонанстуу иштердин акыйкат тергелишине салым кошо турган материалдарды сурагандыгын да кабарлаган.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
RT: АКШ Кыргызстандын бийлигине консультация берчү адис издеп жатат
"Муну менен катар эле мындай кызматташтык, башка алака-катыштардай эле мамлекеттер аралык принциптердин тиешелүү укуктарынын, нормаларынын катуу сакталышы менен анын алкагында жүргүзүлүшү керек. Башкы, негизги нерселердин бири — суверендүү мамлекеттин ички ишине кийлигишпөө деп эсептейбиз", — деп билдирген ТИМ.

Министрлик кыргыз элинен уурдалган, кылмыш жолу менен алынган мүлктөр кайтарылып берилип, күнөөлүүлөр адилеттүү жазаланууга тийиш экендигинде шек жок деп айткан.

"Бул маселе боюнча Америка тарап менен кызматташуу буга чейин өз жемишин берген. Кыргызстандын элинен уурдалган айрым мүлктөр Кыргызстанга кайтарылган. Учурда америкалык кесиптештер менен биргеликте мыйзамсыз алынган мүлктү аныктоо жана кайтарып берүү боюнча иштер улантылууда. КР эки тарап мындан да жакшы натыйжаларга жете аларына ишенет", — деп айтылат таратылган билдирүүдө.

БУУнун Коррупцияга каршы Конвенциясынын мүчөсү болгондуктан Кыргызстандын АКШ гана эмес, башка достук мамиледеги өлкөлөр менен да тыгыз кызматташууга даяр экендиги таратылган маалыматта айтылган.

"Бул билдирүү менен кыргыз тарап өзүнүн ачык позициясын жана жогоруда айтылган маселелер боюнча эл аралык укуктун, улуттук мыйзамдардын чегинде конструктивдүү кызматташууга даяр экендигин ырастайт. Ошондой эле чет өлкөлүк өнөктөштөргө алар тарабынан көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылык билдирет", — деген ТИМ.

Эске салсак, ТИМ мындан бир нече күн мурда АКШ элчилигинин КРдин ички ишине кийлигишип сүйлөгөнү боюнча билдирүүсүн тараткан.

Андан көп өтпөй Бажы мамлекеттик кызматтын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимов АКШнын Финансы министрлигинин санкциялык тизмесине илинген. Эки күндөн кийин ал тизмеге Матраимовдун аялы да киргизилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0