Референдумдун бюллетени кандай болот, урналар жетеби? БШКнын түшүндүрмөсү

© Sputnik / Табылды КадырбековИтоги голосования на выборах в местные кенеши и референдум в Бишкеке
Итоги голосования на выборах в местные кенеши и референдум в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Референдумга келген жаранга бюллетендеги үч позициянын бирин тандоо укугу берилген. Анын жыйынтыгына жараша башкаруу формасы аныкталат.

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Кыргызстандын башкаруу формасын аныктоо үчүн өткөрүлө турган референдумдун бюллетенинде үч позиция жазылат. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

Ага ылайык, бюллетендеги "Кандай мамлекеттик башкаруу формасын тандайсыз?" деген суроонун алдына төмөнкүлөр жазылат:

  • Президенттик;
  • Парламенттик;
  • Баарына каршы.

Жарандар ушул үч позициянын тушундагы квадрат түрүндөгү аянтчаны белгилөө менен өзүнүн тандоосун билдирет. Ал бир гана позицияга тиешелүү белгини коюшу керек, экөөнө коюлуп калса бюллетень жараксыз деп таанылат.

Ошону менен катар Бекматов шайлоо урналары жетиштүүбү деген суроого дагы жооп берди.

"Ар бир шайлоо участкасына экиден автоматтык түрдө эсептөөчү урналар коюлат. Өлкөдө 2473 шайлоо участкасы ачылат. Учурда бизде 5716 урна бар. Демек ар бирине экиден бергенде дагы бизде ашып калат. Ал урналарды техникалык мүчүлүштүктөр жаралган учурда колдонуу үчүн даярдап турабыз", — деди Бекматов.

Голосование на парламентских выборах в посольстве Республики Кыргызстан в Москве - Sputnik Кыргызстан
Россияда дагы кошумча үч шайлоо участкасы ачылат
Белгилей кетсек, президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт. Ага кошуп мамлекеттин башкаруу формасын аныктоо боюнча да референдум дайындалган. Кыргызстандыктар бул күнү өлкө президенттик же парламенттик башкарууга өтүшү керектигин аныктайт.

14-декабрга карата БШКга 3 552 582 шайлоочу катталган. Жыйынтыгы жокко чыгарылган 4-октябрдагы парламенттик шайлоодо 1 971 948 жаран же 55,96 пайызы добуш берүүгө келген. Референдум өттү деп таанылышы үчүн шайлочулардын 30 пайызы катышышы керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0