БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Алдыдагы президенттик шайлоодо жаран паспортто катталган дареги боюнча гана добуш бере алат, азырынча мындан башка жолу жок. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
Sputnik Кыргызстандын кабарчысы №2 форма жоюлгандан кийин жашаган жеринде каттоосу жок жаран кандай жол менен добуш бере аларын сурап билди.
БШК төрайымы Бишкек шаарында жана жака белиндеги жаңы конуштарда 10-15 жылдан бери жашап, бирок каттоосу башка жакта болгондор көп экенин моюндайт.
"Бул маселе боюнча Бишкек мэриясы менен жыйын өткөрүп, тапшырма бергенбиз. Ар бир муниципалдык аймактык башкармалыктарда, конуштарда жашагандардын статистикасын тактадык. Элдин саны аябай көп болуп жатат. Кандай вариантты карабайлы, ар биринде коррупциялык элементтер болууда. Жетекчиликтеги тизме менен шайлоо участкасына каттайлы десек №2 форма сыяктуу эле тобокелчиликтер бар. Эң эле негизги жол каттоосун жашаган жерине өзгөртүү гана болуп жатат. Азырынча башка мүмкүнчүлүгүбүз жок", — деди Шайлдабекова.
Жогоруда аталгандардын жетекчилиги шайлоого 12 күн калганга чейин жарандардын тизмесин бериши шарт. БШК аларды жакынкы шайлоо участкаларына бекитет.
Шайлдабекова бул шайлоодо студенттер да окуган жеринен добуш бере албай турганын айтты.
"Миграциялык жоболор боюнча, студенттер жатаканаларга убактылуу каттоого туруп добуш берсе болмок. Бирок бул дагы күмөн жаратууда. Азыр пандемияда баары үйүндө, 10-январь каникулдук мезгилге да туура келип жатат. Андыктан баарын расмий катталган жериндеги шайлоо участкасына барууга чакырабыз", — деди БШКнын төрайымы.
Ошондой эле ал убактылуу каттоого туруу менен да шайлоочулардын тизмесине кирүүгө мүмкүнчүлүк берилбей турганын белгиледи.
Нуржан Шайлдабекованын айтымында, парламенттик шайлоого №2 форма менен добуш берген жарандар андагы шайлоо участкасынан катталган дарегине которулду.
"Добуш сатып алуулар көп болгондуктан 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды да. №2 форманы биротоло жоёлу деп жатышат. Бул жолкусунда ошентип да көрөлү. Октябрдан бери жалпы шайлоочулардын саны 28 миңге көбөйгөнү менен айрым шаарларда азайды. Мисалы, Бишкекте 80 миңге, Ошто 30 миңге кыскарды. Себеби бул шаарларга жакынкы райондордон көбүрөөк алып келип №2 форма менен каттатышкан", — деди Шайлдабекова.
Мөөнөтүнөн мурда өтчү президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген. Бул жарышка 18 талапкер аттанды.
Ага кошуп мамлекеттин башкаруу формасын аныктоо боюнча да референдум дайындалган. Кыргызстандыктар бул күнү өлкө президенттик же парламенттик башкарууга өтүшү керектигин аныктайт.
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Мамлекеттик чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк комиссиянын жетекчиси, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кара-Суу районуна барып жер берүүгө каршы чыккан эл менен жолугушууда.
Аталган райондун Савай айыл өкмөтүнүн тургундары Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасынан 50 гектар жердин Өзбекстанга берилишине макул болбой бир нече күндөн бер нааразычылык акциясын өткөрүп келген. Жергиликтүүлөр ал тилке суунун башы экенин, жайыт катары колдонуларын айтып, боз үйлөрдү тигип отуруп алышкан.Учурда Ташиев менен айылдын миңге чукул жашоочусу жолугуп, талаптарын айтышууда.
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Шайлоо жарышынан четтетилген Кыргызстан элдик-демократиялык партиясы (КЭДП) Бишкектин аймактык комиссиясынын чечимине нааразычылыгын билдирип, "мыйзам бузуулар боюнча айтылган далилге ынанбаганын жар салды. Бул тууралуу билдирүү партиянын социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.
Эске салсак, Бишкектин аймактык комиссиясы шайлоо күнү добуш сатып алуу, үгүт иштерининин жол-жобосун бузуу, партиянын каржылоосу жана башка нерселер себеп болушу мүмкүн экенин айтып, КЭДПны шайлоо жарышынан четтетүү чечимин кабыл алган.
"Бизге мыйзам бузуулар боюнча күмөн санаткан далилдерди көрсөтүштү. Бирок бир дагы жолу добуш сатып алуу болгонун жарытылуу далилдеп бере алышкан жок. Өздөрү ойлоп тапкан эки мисалды бетке кармашты. Ал нерселер тастыкталып, эки шайлоо тилкесинде жыйынтык жокко чыгарылды деген күндө дагы добуш берүүнүн жалпы жыйынтыгына анчалык таасир бермек эмес", — деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле партия мыйзамсыздыкка каршы туруп өз таламын талашарын кошумчалады.
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. WhatsApp мессенжери жаңыланган колдонуу келишимин кабыл албаган аккаунттарга 15-майдан тарта чектөө киргизет. Бул тууралуу платформанын сайтында айтылат.
Компания колдонуучунун жаңылануулар боюнча кенен маалымат алуусу үчүн 15-майга чейин убакыт берди. Мессенжер кардарлардын профилин дароо өчүрүп салбайт. Деген менен алар жаңы эрежени кабыл алмайынча башкалардан келген коңгуроолор менен билдирүүлөргө жооп бере албайт.
Россиянын "Башкы радиожыштык борбору" Федералдык мамлекеттик унитардык ишканасынын илимий-техникалык борборунун адистери WhatsApp тиркемесин колдонуу келишиминдеги жаңыланган саясатында АКШнын чалгындоо кызматы тиркеме колдонуучуларын аңдып, алардын пикирин бурмалоо коркунучу пайда болушу мүмкүн деген тыянакка келишкен.Январь айынын башында WhatsApp колдонуу шарттарын өзгөрттү. Ага ылайык, эми колдонуучулар Facebook жарнама тутумуна жана анын тиркемелерине өзүлөрүнүн адаттары жана табити боюнча маалыматтарын тапшыруусу керек. Кийинчерээк айтылган сындарга байланыштуу мессенжер колдонуу келишиминин мөөнөтүн 8-февралдан 15-майга чейин узартып койду.