Кызматташууну арттыруу каралат. Мамытов КМШ президенттеринин жыйынына катышат

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезиденттин милдетин аткарып жаткан Талант Мамытов. Архив
Президенттин милдетин аткарып жаткан Талант Мамытов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КМШ өлкөлөрүнүн мамлекет башчылары шериктештик алкагындагы өз ара иштешүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулай турганы айтылды.

БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Президенттин милдетин аткарып жаткан Талант Мамытов КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин видеоконференция форматындагы жыйынына катышат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Иш-чара бүгүн, 18-декабрда, болуп, соңунда бир катар документтер кабыл алынары айтылды.

"КМШ өлкөлөрүнүн мамлекет башчылары шериктештик алкагындагы өз ара иштешүүнүн актуалдуу темаларын, уюмду мындан ары өнүктүрүү концепциясын жана биргелешип кызматташууну арттыруу жаатындагы башка маанилүү маселелерди талкуулашат", — деп айтылган маалыматта.

Жыйындын Өзбекстандын төрагалыгы астында өтөрү кабарланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0