Президенттик шайлоо: талапкерлердин бюллетендеги номери аныкталды

Жазылуу
Президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт. Мамлекетти башкарууга ниеттенип 18 талапкер жарышка катышууда.

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Президенттик шайлоого катышып жаткан талапкерлер бюллетендеги номерин алуу үчүн бүгүн БШКда чүчү кулак кармашты.

Ага ылайык, талапкерлердин бюллетендеги катар номери төмөндөгүдөй болду:

1. Садыр Жапаров;

2. Канат Исаев;

3. Мыктыбек Арстанбек;

4. Клара Сооронкулова;

5. Имамидин Ташов;

6. Рашид Тагаев;

7. Абдил Сегизбаев;

8. Адахан Мадумаров;

9. Аймен Касенов;

10. Улукбек Кочкоров;

11. Жеңишбек Байгуттиев;

12. Элдар Абакиров;

13. Курсан Асанов;

14. Арстанбек Абдылдаев;

15. Равшан Жээнбеков;

16. Бактыбек Калмаматов;

17. Бабыржан Тольбаев;

18. Каныбек Иманалиев.

Президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт. Ага кошуп мамлекеттин башкаруу формасын аныктоо боюнча да референдум дайындалган. Кыргызстандыктар бул күнү өлкө президенттик же парламенттик башкарууга өтүшү керектигин аныктайт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0