БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. БШК президенттикке талапкерлердин шайлоо фондуна түшкөн жана пайдаланылган каражат тууралуу айтып берди.
Маалымат 18-декабрга карата алынды.
Бардыгыныкы биригип 91 811 651 сом, пайдаланылганы — 79 915 146 сом.
Мыйзамга ылайык, банк же башка мекемелер талапкердин атайын эсебинде турган каражаттын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына жума сайын маалымат берип турууга милдеттүү. Аны БШК расмий сайтына жайгаштырууга тийиш.
Кыргызстанда президенттик шайлоо 2021-жылы 10-январда өтөт. Мамлекетти башкарам деп 18 киши ат салышууда.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. АКШ президенти Жозеф Байден Россия тарап менен көйгөйлүү маселелерди талкуулоого даяр экенин билдиргенин РИА Новости жазды.
Мамлекет башчынын айтымында, тиешелүү мекемелерден Москвага байланыштуу темалар боюнча түрдүү маалыматтарды сураган.
Ошондой эле президент стратегиялык чабуул коюучу куралды кыскартуу жана чектөө жаатында да АКШ Россия менен кызматташа аларын белгилеген.
"Өлкөбүздүн кызыкчылыгы үчүн СНВ-3 келишимин узартууга аракет кылсак болот. Россия тарапка Навальныйдын аракети, Solar Winds кырдаалы же Афганистандагы америкалык аскерлердин башы үчүн сыйлык тууралуу билдирүүлөргө тынчсызданып жатканыбызды билдиргибиз келет", — деген Байден.
Маалыматта бардык айыптоолорду Москва бир нече жолу четке какканы айтылат.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Өкмөттүн Жалал-Абал облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Чаткал районунун Терек-Сай айылына барды. Бул туурасында облус жетекчилигинин маалымат кызматы билдирди.
Ал "Эти Бакыр Терек-Сай" ишканасынын алтын ылгоочу эски фабрикасындагы саркынды суу чогулган жайдагы кырсыктын себептерин жеринен көрүп чыккан.
Облус башчысы жагдай боюнча тараптар менен сүйлөшүп, учурда суу жана топуракта зыяндуу заттардын бар же жоктугун аныктоо боюнча лабораториялык иштер жүрүп жатканын айткан.
"Бул багытта атайын комиссия түзүлүп, маселени ар тараптуу калыс иликтөө үчүн жергиликтүү тургундардан да кошулду. Окуянын келип чыгуусуна кайдыгер мамиле жасагандар сөзсүз түрдө мыйзам чегиндеги жоопкерчиликке тартылат. Азыркы учурда кооптуулук жараткан жагдайлар жок. Абалдан чыгуу үчүн тургундардын сабырдуулугу керек. Такталбаган маалыматтардан оолак болуп, мыйзамдан сырт көрүнүштөргө барбоого чакырам. Жашоочулардын ден соолугу биз үчүн да маанилүү", — деди Сыргабаев.
Айыл тургундары кен иштеткен компанияга болгон бир катар нааразычылыктарын айтып, муктаждыкты жоюуда үймө-үй суу жеткирүү жетишсиз болуп жатканын билдиришкен. Өкмөттүн өкүлү бул маселени чечүүгө ишкана толук жоопкерчилик аларын айтып, тийиштүү тапшырмаларды берген.
"Кыргыз алтын" жана Түркиянын "Эти Бакыр" компанияларынын биргелешкен "Эти Бакыр Терек-Сай" ЖЧКсы бул аймакта 2016-жылдан бери иштеп келет.
Терек-Сай айыл аймагында Терек-Сай жана Кызыл-Токой аттуу калк жашаган эки айыл бар. Мында жалпы 5 500 киши жашаары айтылып, эки айылдын эли тең аталган суудан пайдаланышары маалым болду.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) башкы катчысы Антониу Гутерреш коронавирус пандемиясынын кесепетинен дүйнө акыркы жүз жылдыктагы эң оор экономикалык каатчылыкка кептелгенин билдирди. Бул тууралуу уюмдун сайтында жарыяланды.
Катчынын айтымында, азыр "дүйнө абдан морт болуп турган кез".
"Пандемия эки миллиондон ашык адамдын өмүрүн алып кетти. Экономикалык абалыбыз акыркы 100 жыл ичиндеги эң төмөнкү көрсөтүчкө түштү. Коронавирус адамдар, өлкөлөр арасында теңсиздик бар экенин далилдеп койду. Кыскасы, жаратылышка биз кандай мамиле кылсак, ал бизге дал ошондой сокку уруп жатат. Дүйнө эли диалогго келип, кызматташуубуз керек", — деди Гутерреш.
Ошондой эле ал 2021-жылы дүйнөнү калыбына келтирүүдө өкмөттөр, эл аралык уюмдар, жеке сектор жана жарандык коом биргелешип ынтымакта иштешүүсү керектигин кошумчалады.