Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер Артем Новиков. Архив

Премьердин милдетин аткарып жаткан Новиков Ысык-Көлдү кыдырат

82
(жаңыланган 15:22 21.12.2020)
Буга чейин Новиков Нарын, Баткен облустарына барып, жергиликтүү элдин турмуш-шартын көрүп, баарлашып келген.

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер Артем Новиков Ысык-Көл облусуна бара турганын өкмөттөн кабарлашты.

Иш сапар 22-декабрга белгиленген.

Сапардын жүрүшүндө өкмөт башчынын милдетин аткаруучу бир катар инфраструктуралык жана социалдык объектилердин, ишканалардын иши менен тааныша турганы айтылды.

82
Белгилер:
Ысык-Көл облусу, иш сапар, Артем Новиков
Тема боюнча
Кыргызстандын негизги көйгөйлөрүн кантип чечсе болот? Новиков менен маек
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Казакстандын Казинформ маалымат агенттигине маек учурунда

Жапаров өлкө кандай өзгөрүп жатканын айтып берди. Президенттин маегинен тезистер

125
(жаңыланган 18:01 01.03.2021)
Президент коңшу мамлекеттер менен бир туугандай мамиле кура турганын айтып, чет өлкөдөн келген инвесторлор толук коргоого алынарын белгилеген.

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Казакстандын "Казинформ" маалымат агенттигине коңшу өлкөгө боло турчу сапары, чет өлкөлөр менен болгон мамиле жана Кыргызстандагы өзгөрүүлөр тууралуу айтып берди.

Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун сөзүнөн тезистер:

Бүгүнкү күндө бизде бардык сферада мыйзамдар иштеп жатат. Мурдагы жетекчилер, министрлер, чоң аткаминерлер камалууда. Иштеп кеткенине же азыр иштеп жатканына карабастан күнөөсү болсо жетекчилер кылган ишине жараша жазасын алат. Тийиштүү тараптарга "эгер жалган жалаа жаап, камап кое турган болсоңор өзүңөр жоопкерчиликке тартыласыңар" деп айтып жатам;

Президент Садыр Жапаров. Архив
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Кыргызстанда 30 жылдан бери коррупция гүлдөп-өскөн. 300 үй-бүлө байып, калганы жакырланып кеткен. 30 жылдан бери чирип калган системаны жипке тизгендей алып кетүү үчүн 2-3 жыл керек;

Биз мурдагылардын катасын кайталаган жокпуз. Шайлоо таза өттү. Жакында жергиликтүү шайлоо, референдум өтөт, күзүндө парламенттик шайлоо болот, баарын таза өткөрөбүз;

Мыйзам менден баштап кетмен чапкан дыйканга чейин бирдей болот;

2-3-мартта Казакстанга расмий иш сапарым менен барам. Андан кийин Өзбекстан, Кытай, Түркия өлкөлөрүнө барам. Биз бардык мамлекеттер менен мамилебизди жогорку деңгээлге жеткиргенге аракет кылышыбыз керек. Биздин саясатыбыз ушундай;

Кыргыз-казак мамилесинде чечилбеген маселелер жок. Майда-чүйдө маселелер бар, аны сүйлөшүп чечип алабыз;

Мен келгенден баштап бардык инвесторлорду коргоого алдык, бирок толук кандуу ишке аша элек. Өкмөттүн алдында инвестиция боюнча агенттик бар, жаңы Конституция кабыл алынса, ал президенттин көзөмөлүндөгү улуттук агенттикке айланат. Инвесторлорго басым жасала турган болсо, агенттик алардын кызыкчылыгын коргойт;

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Казинформ агенттигине берген маек учурунда
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Токтогул суу сактагычында суу азайды. Ушул деңгээлде кете берсек келерки жылы катастрофалык абалга тушугабыз. Ошондуктан Казакстан менен Өзбекстандан электр энергиясын импорттоо маселесин карап жатабыз;

Казакстан Кыргызстанга 1 миллиард киловаттка жакын электр энергиясын экспорттоого макулдугун берди;

Өзбекстан жана Тажикстан менен делимитация, демаркация маселесин 1-2 жыл ичинде бүтүрөбүз деп үмүт кылып жатабыз;

Азия, Орто Азия өлкөлөрүн Европа менен байланыштыра турган Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу боюнча улуттук долбоорубуз бар. Жибек Жолун өркүндөтүп, ортодо турган мамлекет катары биз дүйнө жүзүндөгү мамлекеттер менен дипломатиялык байланышты жолго коё алабыз деп ишенем;

Алыскы туугандан жакынкы кошуна артык дейт, коңшу мамлекеттер менен бир туугандай мамиле түзөбүз.

125
Белгилер:
мамиле, маек, Садыр Жапаров, Казакстан, Кыргызстан
Тема:
Жапаровдун Казакстанга болгон иш сапары
Тема боюнча
Жапаров: парламенттик шайлоо күзүндө өтөт
Садыр Жапаров Казакстандан кийин Кытай, Түркияга иш сапар менен барат
Жээнбековдун кудасы Абжалиевдин байлыгынын тизмеси жана сүрөттөрү

Жээнбековдун кудасы Абжалиевдин байлыгынын тизмеси жана сүрөттөрү

779
(жаңыланган 18:11 01.03.2021)
Учурда депутаттын болгон мүлкүн аныктоо боюнча сотко чейинки тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканы белгилүү болду.

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиев мыйзамсыз баюуга шектелип жатат.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы эл өкүлүнүн байлыгын жарыялады.

  • 20 элиталык батир;
  • Бишкек шаарынын VIP-шаарчаларындагы турак үйлөрү;
  • Ысык-Көл облусундагы пансионаты;
  • Ысык-Көл менен Чүй облусундагы жер тилкелери;
  • Түркия менен БАЭдеги кыймылсыз мүлктөрү;
  • Бишкекке көп кабаттуу үйлөрдү жана коммерциялык объектилерди (Кайынды кабелдик заводу) курган курулуш компанияларынын бирине инвестиция жасаган;
  • Таш көмүр жана алтын чыккан кендерге инвестиция жасаган. 

Белгилей кетсек, Абжалиев мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы. Анын уулу Жээнбековдун кызына үйлөнгөн.

779
Белгилер:
коррупция, байлык, Алиярбек Абжалиев
Тема боюнча
УКМК ЖК депутаты Абжалиевди мыйзамсыз байыган деп иш козгоду
Медициналык кызматкер ооруканада компьютер менен иштеп жаткан учурда. Архив

Кыргызстан "COVID-19 жок саякаттайм" платформасына кошулду. Артыкчылыгы

0
(жаңыланган 20:01 01.03.2021)
Система Евразия экономикалык бирикмесине мүчө мамлекеттер ичинде иштейт. Тиркемени App Store же Google Play интернет дүкөнүнөн жүктөп алууга болот.

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Кыргызстан "COVID-19 жок саякаттайм" санариптик платформага кошулду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, платформага тесттик режимде эки аккредитациядан өткөн лабораторияларда бар. Тагыраагы, бири Ооруларды алдын алуу мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинде (Бишкек) болсо, экинчиси Оштогу Санэпидкөзөмөл борборунда.

Саламаттык сактоо министрлиги система кантип иштей турганын түшүндүрүп берди. Коронавируска ПЦР-тест тапшыруу үчүн жаран App Store же Google Play интернет дүкөнүнөн "COVID-19 жок саякаттайм" тиркемесин көчүрүп алышы керек. Ал тест тапшырууга мүмкүн болгон жакынкы жердеги лабораториянын дарегин көрсөтүп берет. Лабораторияга барган кезде тесттин жыйынтыгын тиркеме аркылуу алуу ниетин билдирүү керек. Мындай учурда жаранга анын жеке маалыматтарын иштеп чыгууга макулдугун сураган бланк берилет. Бланкадагы QR-кодду мобилдик тиркеме аркылуу сканерлеп алуу зарыл.

Система ЕАЭБ аймагында гана инфекциянын жайылып кетүү коркунучун алдын алуу максатында иштейт. Тизмеге жеке клиникаларды дагы кошуу пландалып жатат.

Буга чейин системага Беларусь, Армения жана Россия кошулган.

0
Белгилер:
Евразиялык экономикалык биримдик, система, тест, тиркеме, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Жер жашоочуларынын 10%ында гана COVID-19га каршы антитело бар
COVID жуктурган кош бойлуулар көбүнчө эрте көз жарат. Иликтөө