Салыкчы Жылдызбек Турганбаев Оштун биринчи вице-мэри болуп дайындалды

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшПервый вице-мэр Оша Жылдызбек Турганбаев
Первый вице-мэр Оша Жылдызбек Турганбаев  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы вице-мэр буга чейин Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиевдин кеңешчиси болуп иштеп жаткан.

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Жылдызбек Турганбаев Ош шаарынын биринчи вице-мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Вице-мэр по вопросам градостроительства и архитектуры Азамат Сагындык уулу - Sputnik Кыргызстан
Бишкек мэринин орун басары алмашты
Тиешелүү буйрукка калаа мэри Таалайбек Сарыбашов бүгүн, 21-декабрда, кол коюп, эмгек жамаатына тааныштырган. Ал шаардын экономика тармагына жооптуу болот.

Турганбаев буга чейин Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиевдин кеңешчиси болуп иштеп жаткан.

Андан мурда Ноокат райондук салык кызматында, Ош шаардык салык кызматында жана түштүк региону боюнча салык кызматынын жетекчиси болуп эмгектенген.

Жаңылыктар түрмөгү
0