Президенттик шайлоо: бюллетень бекитилип, басмаканага жөнөтүлдү

© Sputnik / Яков Андреев / Медиабанкка өтүүПечать бюллетеней для голосования на выборах мэра города Томска
Печать бюллетеней для голосования на выборах мэра города Томска - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2021-жылдын 10-январь күнү кыргызстандыктар президентти шайлашат. Өлкө башчылыкка 18 талапкер ат салышууда.

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) алдыда келе жаткан мөөнөтүнөн мурда президентти шайлоодо колдонулчу бюллетендин формасы менен текстин бекитип берди. Бул тууралуу комиссиянын маалымат кызматы кабарлады.

Эске салсак, 10-январь күнү кыргызстандыктар президентти шайлашат.

"Бүгүн, 21-декабрь күнү, БШК жыйынында президенттик шайлоодогу бюллетендин формасы менен тексти бекитилди. Аны "Учкун" ишканасы басып чыгармакчы", — деп айтылат маалыматта.

Өлкө башчылыкка 18 талапкер ат салышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0