Шайлоого 120 эл аралык байкоочу көз салат. Кайсы өлкө, уюмдардан келет

Жазылуу
Байкоочулардын курамы эл аралык уюмдардын, фонддордун жана Кыргызстандагы элчиликтердин өкүлдөрүнөн турат.

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоого саресеп сала турчу 120 эл аралык байкоочуну аккредитациялаганын маалымдады.

Билдирүүгө ылайык, 21-декабрга карата 23 мамлекеттен жана 15 эл аралык уюмдан байкоочулар келери анык болду.

Алар төмөнкүлөр:

  • Кыргызстандагы Ханнс Зайдель фондунун өкүлчүлүгү – 1 байкоочу;
  • Шайлоо системаларынын эл аралык өкүлчүлүгү (IFES) – 1 байкоочу;
  • Молдова БШКсы – 2 байкоочу;
  • КМШ Парламенттер аралык ассамблеясы – 34 байкоочу;
  • КМШ миссиясы – 4 байкоочу;
  • Азербайжан БШКсы – 1 байкоочу;
  • ЕККУнун Демократиялык институт жана адам укуктары бюросу – 34;
  • Россия БШКсы – 1;
  • К. Аденауэр атындагы фонд – 1;
  • Кыргызстандагы Япониянын элчилиги – 2;
  • Кыргызстандагы Россиянын элчилиги – 2;
  • Кыргызстандагы Монголиянын элчилиги – 1;
  • Кыргызстандагы Азербайжандын элчилиги – 2;
  • Кыргызстандагы Өзбекстандын элчилиги – 2
  • Түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтык кеңешинен – 6.

Кыргызстандын президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт. Бул жарышка 18 талапкер аттанды. Ага кошуп мамлекеттин башкаруу формасын аныктоо боюнча да референдум дайындалган. Кыргызстандыктар бул күнү өлкө президенттик же парламенттик башкарууга өтүшү керектигин аныктайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0