Оорукана, мектеп курууну айтты. Казакбаев Сауд Аравиянын элчиси менен жолукту

© Фото / пресс-служба МИД КРВстреча министра иностранных дел Руслана Казакбаева с послом Саудовской Аравии в КР Абдурахмана бин Саид Аль-Джума
Встреча министра иностранных дел Руслана Казакбаева с послом Саудовской Аравии в КР Абдурахмана бин Саид Аль-Джума - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тараптар инвестиция тартуунун, бул жааттагы ири долбоорлорду ишке ашыруунун, эки өлкөнүн ишкерлер чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланыштарды чыңдоонун маанилүүлүгүнө токтолушту.

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Сауд Аравия Падышалыгынын элчиси Абдурахман бин Саид Аль-Жуманы кабыл алды. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Алгач элчи Казакбаевди кызматка дайындалышы менен куттуктады. Ушуну менен бирге кийинки жылда боло турган президенттик шайлоону ийгиликтүү өткөрүүнү каалаган.

Разработка вакцины от COVID-19 в мире - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан Улуу Британиядан коронавирус вакцинасын алууга жардам сурады
Өз кезегинде Казакбаев элчини кыргыз өкмөтүнүн Сауд Аравия алдында мурда-кийин кабыл алган милдеттенмелерди жана макулдашууларды ишке ашырууга кызыкдар экендигине ишендирген. Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерде саясий мүнөздөгү пикир келишпестиктер жана түшүнбөстүктөр жок экендигин ырасташты.

Тараптар инвестиция тартуунун, бул жааттагы ири долбоорлорду ишке ашыруунун, эки өлкөнүн ишкерлер чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланышты чыңдоонун маанилүүлүгүнө токтолушкан.

"Министр "Сауд өнүктүрүү фондунун" линиясы боюнча өлкөдө социалдык жана инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашырууда Сауд Аравиясынын көп жылдан бери жардам көрсөтүп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Мында ал жалпы билим берүү мектептерин жана кеңири адистештирилген ооруканаларды куруу үчүн, айрыкча, өлкөнүн бийик тоолуу аймактарында финансылык жардам тартуунун маанилүүлүгүнө элчинин көңүлүн бурду", — деп айтылат билдирмеде.

Мынтан тышкары, Руслан Казакбаев Сауд Аравиясынын тышкы иштер министри, канзаада Фейсал бин Фархандын кийинки жылы Кыргызстанга иш сапары менен келүү ниетин колдой турганын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0