Мирлан Бакиров вице-спикерликтен кетип, ордуна башка талапкер сунушталды

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров. Архив
Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бакиров үч жыл вице-спикер болуп иштеди, анын ордуна көрсөтүлүп жаткан Исмаиловдун депутаттык мандат алганына төрт ай болду.

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров кызматын тапшырып, депутат бойдон калат. Бул тууралуу "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев Facebook баракчасына жазды.

Анын айтымында, партиянын саясий кеңеши тарабынан вице-спикерликке Уланбек Исмаилов көрсөтүлдү. Бул чечимди "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаттары сурамжылоонун негизинде колдоп берген.

"Мирлан Бакиров Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары катары жакшы иштеп берди, тажрыйба топтоду. Өзүн саясий чөйрөдө жакшы көрсөтө алды. Ал өз ыктыяры менен башка өсүп келе жаткан депутаттарга орун бошотуу максатында кызматын тапшыруу боюнча чечим кабыл алды", — деп жазган Төрөбаев.

Бакиров дал ушул "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын мүчөсү, 2017-жылдын 13-декабрында вице-спикер болуп шайланган.

Ал эми Исмаилов үстүбүздөгү жылдын 29-августунда мандат алып, Жогорку Кеңештин депутаты болуп келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0