Европа, Америкада жашайт. Ажолукка талапкерлер кандай уул-кыздарды тарбиялаган

© AFP 2023 / ANDREAS SOLAROПринесение присяги новоизбранных министров Греции
Принесение присяги новоизбранных министров Греции - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө президенттигине ат салышып жаткандардын басымдуу бөлүгү көп балалуу. Айрымдары небере күтүп калган.

Президенттик шайлоо өнөктүгү кызуусунда. Күрөө коюп, мамлекеттик тилди билерин тастыктап, тийиштүү санда кол топтой алган талапкерлердин тизмесин Борбордук шайлоо комитети жарыялады. 65 талапкердин 18и гана каттоодон өтүп, калгандары шайлоо жарышынан ар кыл себептер менен четтетилди.

Декабрдын ортосунда үгүт иштери старт алып, талапкерлер шайлоочулардын көңүл борборунда турган чагы. Sputnik Кыргызстан алардын бала-чакасына, эмне менен алектенерине кызыгып көрдү. Материал талапкерлер, алардын өкүлдөрү тарабынан берилген, айрымдары ачык булактардагы маалыматтарга негизделди. Тизме алфавиттик тартипте түзүлдү.

Абдил Сегизбаев

© Фото / пресс-служба ЦИК КРАбдил Сегизбаев
Европа, Америкада жашайт. Ажолукка талапкерлер кандай уул-кыздарды тарбиялаган - Sputnik Кыргызстан
Абдил Сегизбаев

Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы башчысынын үч баласы: 13, 15 жаштагы кызы жана 10 жашар уулу бар. Үчөө тең борбор калаадагы мектептерде окушат.

Адахан Мадумаров

© Sputnik / Табылды КадырбековАдахан Мадумаров
Европа, Америкада жашайт. Ажолукка талапкерлер кандай уул-кыздарды тарбиялаган - Sputnik Кыргызстан
Адахан Мадумаров

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери — үч уулдун атасы. Тун баласы Нурмухаммед 29 жашта, кесиби боюнча – юрист. 24 жаштагы Динмухаммед дипломатияны өздөштүргөн, ал эми кенже уулу Алихан мектепте, учурда 11 жашта.

Аймен Касенов

© Фото / пресс-служба РКФРАймен Касенов
Европа, Америкада жашайт. Ажолукка талапкерлер кандай уул-кыздарды тарбиялаган - Sputnik Кыргызстан
Аймен Касенов

Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун башкаруу тобунун мурунку мүчөсүнүн бир уул, үч кызы бар. Айкен Прагадагы (Чехия) Карлов университетинин социалдык илимдер факультетинде билим алат. Айсенем — Прагадагы Нью-Йорк университетинин психология факультетинин студенти.

Касенов социалдык медиада кызы менен окуу жайдын имаратында жолугуп каларын жазган, алар бир жерде билим алышат экен. Айсара али окуучу, ал эми эң кенже перзенти болгону үч жашта.

Арстанбек Абдылдаев (Арстан Алай)

© Sputnik / Табылды КадырбековАрстанбек Абдылдаев (Арстан Алай)
Европа, Америкада жашайт. Ажолукка талапкерлер кандай уул-кыздарды тарбиялаган - Sputnik Кыргызстан
Арстанбек Абдылдаев (Арстан Алай)

Абдылдаевдин үй-бүлөсү эки кыз, эки уулду тарбиялайт. Аксана 29 жашта, жеке фирмада эмгектенет. 26 жашар Пакиза — банк кызматкери. Талапкердин эки кызы тең турмуш курган. 24 жаштагы уулу Ауирдин жеке ишканада иштейт. Төрөбай 20 жашта, Кыргыз мамлекеттик юридикалык академияда окуйт. Арстан Алайдын бир уул жана бир кыз небереси бар.

Бабыржан Төлбаев

© Фото / пресс-служба ЦИК КРБабыржан Төлбаев
Европа, Америкада жашайт. Ажолукка талапкерлер кандай уул-кыздарды тарбиялаган - Sputnik Кыргызстан
Бабыржан Төлбаев

Ишкердин беш баласы бар экенин айтышты Төлбаевдин командасындагылар. Ошондой эле талапкердин үй-бүлөсү туурасында кеңири маалымат берилбестиги боюнча чечим кабыл алынганын белгилешти.

Бактыбек Калмаматов

© Фото / пресс-служба ЦИК КРБактыбек Калмаматов
Европа, Америкада жашайт. Ажолукка талапкерлер кандай уул-кыздарды тарбиялаган - Sputnik Кыргызстан
Бактыбек Калмаматов

Жогорку Кеңештин экс-депутатынын штабынан талапкер өз үй-бүлөсү жөнүндө азырынча айткысы келбегенин түшүндүрүштү.

Жеңишбек Байгуттиев

© Фото / пресс-служба ЦИК КРЖеңишбек Байгуттиев
Европа, Америкада жашайт. Ажолукка талапкерлер кандай уул-кыздарды тарбиялаган - Sputnik Кыргызстан
Жеңишбек Байгуттиев

Кыргызстандагы банктардын биринин директорлор кеңешинин кеңешчисинин төрт кызы жана уулу бар. Тун кызы банкта юрист болуп иштейт. Ортончу кызы окууну аяктаган, Москвада иштейт. Андан кийинки кызы РФтин борбор калаасындагы окуу жайлардын биринде билим алат. Уулу окуучу, 10 жашта. Көкүрөк күчүк кызы бир жашта.

Имамидин Ташов

© Фото / пресс-служба ЦИК КРИмамидин Ташов
Европа, Америкада жашайт. Ажолукка талапкерлер кандай уул-кыздарды тарбиялаган - Sputnik Кыргызстан
Имамидин Ташов

Ишкер үч уул, эки кыздын атасы. Талапкердин штабынан башка маалымат айтышкан жок.

Канатбек Исаев

© Sputnik / Табылды КадырбековКанатбек Исаев
Европа, Америкада жашайт. Ажолукка талапкерлер кандай уул-кыздарды тарбиялаган - Sputnik Кыргызстан
Канатбек Исаев

ЖКнын экс-спикери жана депутатынын беш баласы бар. Улуу кызы Бермет 25 жашта, ал Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтун аяктаган. Кесиби боюнча эл аралык экономист жана каржылык укук боюнча юрист.

Ушул тапта кийим дизайнери катары жеке иши менен алектенет. Бермет турмушка чыккан, жакында эле көз жарып, талапкерди жээн неберелүү кылды.

20 жашар Чыңгыз — шахмат боюнча КРдин көп жолку чемпиону. Азия чемпионатынын призеру. Азыр Москва юридикалык академиясын аяктоодо.

18 жаштагы Тынай улуу бир туугандарындай эле быйыл россиялык окуу жайга өттү. Канышай 7 жашта, Бишкектеги мектептердин биринде экинчи класста окуйт. Гимнастика менен машыгат, шахмат ойнойт. Парламентарийдин кенже кызы Алана бир жашта.

Каныбек Иманалиев

© Фото / пресс-служба ЦИК КРКаныбек Иманалиев
Европа, Америкада жашайт. Ажолукка талапкерлер кандай уул-кыздарды тарбиялаган - Sputnik Кыргызстан
Каныбек Иманалиев

Жогорку Кеңештин депутаты төрт баланын атасы. 26 жаштагы Канайым юриспруденция багыты боюнча Кыргыз-Россия Славян университетин аяктаган. Азыркы тапта эки баланы тарбиялоо менен алек.

Уулу Элимбек министрликтердин биринде эмгектенет. 21 жаштагы Күнайым Европада, ал эми 19 жашар Теңирбек Гаага университетинде билим алат. Ал стипендияны утуп алган, келерки жылы Бириккен Улуттар Уюмунун жаштар сессиясына катышат.

Клара Сооронкулова

© Фото / пресс-служба ЦИК КРКлара Сооронкулова
Европа, Америкада жашайт. Ажолукка талапкерлер кандай уул-кыздарды тарбиялаган - Sputnik Кыргызстан
Клара Сооронкулова

Конституциялык палатанын мурдагы судьясынын төрт баласы бар, баары Бишкекте жашайт. Тун кызы Бишкек гуманитардык университетинин бүтүрүүчүсү, кытай тилин өздөштүргөн.

Ортончу кызы 29 жашта, Борбор Азиядагы Америкалык университетинен "европа таануу" адистигине ээ болуп чыккан. Эки кызы тең үй-бүлөлүү, уулдарын тарбиялайт. Кичүү кызы 19да, Европанын мамлекеттик университеттеринин биринде билим алат. Уулу — окуучу, 9 жашта.

Курсан Асанов

© Фото / пресс-служба ЦИК КРКурсан Асанов
Европа, Америкада жашайт. Ажолукка талапкерлер кандай уул-кыздарды тарбиялаган - Sputnik Кыргызстан
Курсан Асанов

ИИМдин мурдагы орун басары — төрт баланын атасы: үч кызы жана бир уулу бар. 26 жаштагы Нуриза Каржы полициясынын улук инспектору, лейтенант даражасына ээ. Жакында эле кыздуу болуп, ушул тапта декреттик өргүүдө.

Диана 24тө, кесиби боюнча психолог, мурун КР Тышкы иштер министрлигинде атташеликти аркалаган. Ошондой эле талапкердин экинчи кызы музыкалык мектепти аяктаганын да кошумчалай кетели. Турмуш курган, бир уулдун энеси. Кыздарынын кенжеси, 12 жаштагы Аяна жетинчи класста окуйт.

Асановдун жалгыз уулунун ысымы Мухаммед-Али, 23 жашта. Ачык булактардан белгилүү болгондой, 2016-жылы ал Массачусетс университетине (Бостон, АКШ) инвестиция тартуу жана дүйнөлүк экономика факультетине өткөн. Спорт менен профессионалдык деңгээлде машыгат, 2018-жылы жиу-житсу боюнча эл аралык турнирде "алтынга" татыган.

Мыктыбек Арстанбек

© Фото / пресс-служба ЦИК КРМыктыбек Арстанбек
Европа, Америкада жашайт. Ажолукка талапкерлер кандай уул-кыздарды тарбиялаган - Sputnik Кыргызстан
Мыктыбек Арстанбек

Адал индустрияны өнүктүрүү борборунун директору 12 баланын атасы. Тун уулу Искендер 35 жашта, үй-бүлөлүү киши. Жеке ишканада юрист болуп эмгектенет, бир кызды тарбиялайт.

Кызы Нургүл Европада турат, аспирантурада генетиканы изилдейт. Күйөө баласы экөө тең илим чөйрөсүндө.

31 жаштагы Канбото да өз коломтосун тутанткан, Бишкекте программалоо тармагында иштейт.

Аким андан бир нече жашка кичүү, дизайнер-архитекторлукту аркалайт. Эрмухаммед да үйлөнгөн, бир уулдун атасы, жеке ишкер. Кызы Жибек жакында эле турмуш курду, ал адал индустрияда эмгектенет. Талапкердин кичүү балдарынын баары окуучу жана мектепке чейинки куракта.

Равшан Жээнбеков

© Фото / пресс-служба ЦИК КРРавшан Жээнбеков
Европа, Америкада жашайт. Ажолукка талапкерлер кандай уул-кыздарды тарбиялаган - Sputnik Кыргызстан
Равшан Жээнбеков

ЖКнын мурдагы депутаты төрт баланы тарбиялайт. Тун кызы Айсулуу 30 жашта, IT-тармакта жана мейманкана менеджменти багыты боюнча билими бар. Турмушка чыккан, бир уулду тарбиялайт, Чикаго шаарында турат.

29 жаштагы Азат — финансист, Италиядагы Сиракуз университетинин бизнес мектебин аяктаган. Талапкердин уулу Вашингтондо жашап, эл аралык консалтингдик компанияда иштейт. 17 жаштагы Каныкей быйыл Бишкекте мектепти аяктады. Ал эми көкүрөк күчүгү Айжан 10 жашта, төртүнчү класста окуйт.

Рашид Тагаев

© Фото / пресс-служба ЦИК КРРашид Тагаев
Европа, Америкада жашайт. Ажолукка талапкерлер кандай уул-кыздарды тарбиялаган - Sputnik Кыргызстан
Рашид Тагаев

"Газпром" компаниясынын Оштогу филиалынын мурдагы жетекчисинин төрт баласы, беш небереси бар.

32 жаштагы Каныкей — Кыргыз улуттук университетинин бүтүрүүчүсү, кесиби боюнча юрист. Үч балалуу, болочокто жарандык укук жаатында иштөөгө умтулат.

Жаркынай улуу эжесинен беш жаш кичүү, ал дагы КУУда билим алып, кыргыз-европа факультетин аяктап, экономист адистигине ээ болуп чыккан. Эки баланы тарбиялайт.

25 жаштагы Айжан — финансист, Кыргыз улуттук университетин аяктаган. Талапкердин кызы өлкөдөгү банктардын биринде иштейт, жакында эле турмушка чыкты.

Тагаевдин кичүү уулу 23 жашта, "Ала-Тоо" эл аралык университетин бүтүргөн. Атасы анын математикага жөндөмүн баса белгилейт. Жаш жигит IT-тармагында ишин улантууну самайт.

Садыр Жапаров

Айрым маалыматтар боюнча, жубайлардын беш баласы бар, башка кабарларда төрт деп көрсөтүлөт. Айгүл Асанбаева маектеринин биринде балдары боюнча суроого төрт баласы бар экенин, бирок Садыр Жапаровдун кичүү инисинин уулун асырап алышканын айткан. Иниси жана келини жол кырсыгынан каза болушкан. Балдарынын ысымдары: Дастан, Рустам, Ринат, Нурдөөлөт жана Жанайым.

Жапаровдордун тун уулу Дастан былтыр жайында жол кырсыгында каза тапкан. Экинчи уулу Рустам үйлөнгөнүнө көп боло элек.

Улукбек Кочкоров

© Фото / пресс-служба ЦИК КРУлукбек Кочкоров
Европа, Америкада жашайт. Ажолукка талапкерлер кандай уул-кыздарды тарбиялаган - Sputnik Кыргызстан
Улукбек Кочкоров

Мурдагы эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри жети баланын атасы. Анын беш уул, эки кызы бар. 18 жаштагы Таалайбек Гонконгдогу университеттердин биринде башталгыч курста. IT-технологияны өздөштүрүүдө.

15 жаштагы Айганыш азыр сегизинчи класстын окуучусу, уулдары Амир менен Сабыр бешинчи жана төртүнчү класста. Төрт жаштагы Нурия бала бакчага барат, Нуриман 2,5 жашка, ал эми Кочкоровдун үй-бүлөсүнүн эң кенже мүчөсү Сыймыкка 8 айга болду.

Элдар Абакиров

© Фото / пресс-служба ЦИК КРЭлдар Абакиров
Европа, Америкада жашайт. Ажолукка талапкерлер кандай уул-кыздарды тарбиялаган - Sputnik Кыргызстан
Элдар Абакиров

Экономика министринин мурдагы орун басары да көп балалуу ата. Төрт баланы тарбиялайт. Эки кызы менен уулу мектеп окуучулары, кенже кызы бала бакчага барат.

Жаңылыктар түрмөгү
0