Эскертүүңүз кабыл алынбайт! Президенттин ЖКдагы өкүлү Касымалиеваны кекетти

© Sputnik / Табылды КадырбековВице-спикер Аида Касымалиева. Архив
Вице-спикер Аида Касымалиева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн парламенттин жалпы жыйынына өкмөттүн өкүлдөрү жана прокуратурадан жооптуу жетекчилер катышпай, алардын ордуна келгендер депутаттардын суроолоруна жооп бере албай отурушкан.

БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Анарбек Калматов вице-спикер Аида Касымалиеванын эскертүүсүн кабыл албай турганын билдирди.

Бүгүн парламенттин жалпы жыйынына өкмөттүн өкүлдөрү жана прокуратурадан жооптуу жетекчилер катышпай, алардын ордуна келгендер депутаттардын суроолоруна жооп бере албай отурушкан. Талкуудан кийин мыйзам долбоорун добуш берүүгө жибергенден кийин Касымалиева президенттин жана өкмөттүн парламенттеги өкүлдөрүнө чакырылган аткаминерлердин келишин камсыздоо тууралуу эскертүү берген.

Андан соң Калматов депутаттардын мыйзам долбоору боюнча сын-пикирине комментарий берип жаткан учурда вице-спикер анын сөзүн бөлүп, маселе чечилип, мыйзам добуш берүүгө жөнөтүлгөнүн айткан.

"Макул, сиздин эскертүүңүз кабыл алынбайт. Ошон үчүн алгач маселени тактап алып эскертүү бериш керек, урматтуу Аида Камчыбекова", — деди Калматов.

Андан соң Касымалиева: "Өзүңүз көрдүңүз, бул жакта прокуратурадан келгендер дагы жооп бере албай отурушту. Ар кандай дооматтар айтылды, ошон үчүн эскертүү берилди" деп жооп кайтарды.

Депутат Жогорку Кенеша Улукбек Ормонов - Sputnik Кыргызстан
Депутат Ормонов: азыркы бийлик "кустурабыз, төлөтөбүз" дегенди мода кылып алды
Сунушталган мыйзам долбоорунда эгер кайсы бир ишкер экономикалык кылмыш жасап же салыктан качса, мамлекетке келтирилген зыянды эки эселеп төлөтүү каралууда. Муну менен ал кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат. Мунапысты Финпол тарабынан соттук өндүрүшкө алынган жана соттолгон тараптар колдоно алат. Мунапыс берүүнүн мөөнөтү белгиленген эмес, бир адам экинчи ирет пайдалана албайт.

Документти Жогорку Кеңештин депутаттары Өмүрбек Бакиров, Марлен Маматалиев, Гүлшат Асылбаева, Салайдин Айдаров жана Акылбек Жапаров демилгелеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0