Мындай каралоо туура эмес! Жогорку сот Ташиевдин айыптоосуна жооп кайтарды

© Sputnik / Табылды КадырбековСудебный департамент при Верховном суде КР
Судебный департамент при Верховном суде КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сот бийлиги өлкөнүн аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийлиги тарабынан конструктивдүү эмес сындарга уламдан-улам кабылып жатканын айтты.

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Жогорку сот төрайым Гүлбара Калиеванын мамлекетке 8 миллион сом зыян келтирилген ишке тиешеси бар деген УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге жооп берди.

Жогорку сот күнөөсүздүк презумпциясы кылмыш ишинин негизги принциби болушу керектигин эскертти. Жарандын айыбы далилденип, сот өкүмү чыкканга чейин шектүү күнөөсүз деп саналары белгиленген.

"Жергиликтүү сот" деп аталган автоматташтырылган маалыматтык системасын ишке киргизүү боюнча долбоорду Европа биримдигинин "Кыргыз Республикасындагы укук үстөмдүгү" программасынын алкагында жасалган. Тендер өткөрүү, подрядчыларды тандоону эл аралык уюм өзү жүргүзөт. Андыктан Жогорку соттун жетекчилигинин жана кызматкерлеринин айтылган айыптоого тиешеси жок", — дешти Жогорку соттон.

Райымбек Матраимов кармалышы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ташиев Райым Матраимов 2 млрд. сомду кандай жол менен кайтарганын айтты
Ошондой эле сот бийлиги өлкөнүн аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийлигинин өкүлдөрү тарабынан конструктивдүү эмес сындарга жана айыптоолого уламдан-улам кабылып жатканы белгиленди.

"Алар сотко чейинки териштирүү жүргүзүлүп жаткан маселелерди коомчулуктун талкуусуна алып чыгышууда. Сот тутумунун өкүлдөрүн айыптоолордун аягы алардын беделин түшүрүүгө алып келет. Мындай көрүнүш коомчулуктун сот органдарына болгон ишенимин кетирип, мыйзамдарга каршы келет", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, бүгүн УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев "Жергиликтүү сот" автоматташтырылган маалыматтык системасын ишке ашырууда бюджетке 8 миллион сом зыян келтирилгенин билдирген. Буга Жогорку соттун төрайымынын тиешеси бар экенин айтып, жакында ал жоопко тартыларын маалымдаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0