Жогорку Кеңештин жыйын залы. Архив

Жогорку Кеңештин депутаттары 9-январга чейин жумушка чыкпай турган болду

102
(жаңыланган 15:15 24.12.2020)
Эл өкүлдөрү 10 күндүн аралыгында аймактарды кыдырып, шайлоочулар менен жолугуша турганын билдиришти.

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары 30-декабрдан 9-январга чейин шайлоочулар менен жолугуу боюнча токтом кабыл алды.

Парламентарийлер бул күндөрү шайлоочулар менен жолуга турганын айтышты.

Депутат Гүлшат Асылбаева 2019-жылдын бюджетинин аткарылышы бекиле электигин айтып, кийинки шаршембиде кайра жыйынга чогулууну сунуштаганы менен, бирок депутаттар ага макул болгон жок. Тагыраагы, добуш берүүгө келгенде бул сунушта колдогондор аз болуп чыкты.

102
Белгилер:
Жогорку Кеңеш, депутаттар, жолугушуу, бюджет
Тема боюнча
ЖК 2019-жылдын бюджетинин аткарылышын биринчи окууда жактырды
Депутат Аккулу Бердиев во время заседания ЖК. 25 февраля 2021 года

Алар да кудайдын пендеси. Депутат Жээнбеков, Зулпукаровдун кол тийбестиги боюнча

0
Депутат кесиптештеринин башына иш түшүп турганда КСДП да, башкасы да качып кетип, жардам берейин деген эч ким жок экенин айтты.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Аккулу Бердиев үч кесиптешин кол тийбестиктен ажыратуу маселесин кийинки чакырылышка калтырууну сунуштады.

Ал адамдын башына кыйынчылык түшкөндө "жоопко тарткыла" деп уруксат бергенибиз туура эмес деген пикирин билдирди.

"Мурда Асылбек Жээнбековдун эшигин каккылап, бир кирип чыккандар өзүн бактылуу сезет эле. Азыр башына иш түшүп турганда КСДП да, башкасы да, баары качып кетти. Жардам берейин деген эч ким жок. Ошондуктан бул маселени алдыда келе турган жаңы депутаттарга эле калтыралы. Мен ал киши менен саламдашкан да, чай ичишкен да жокмун. Кандай болбосун мусулманчылыкка караганда "кечээ ким элең, бүгүн ким болдуң" деген сөз бар. Алар да кудайдын пендеси, башына оор иш түшүп жатат. Жыгылган адамды тепкилеген болбойт", — деди Бердиев.

Белгилей кетсек, башкы прокурор Курманкул Зулушев эл өкүлдөрү Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров жана Бакыт Жетигеновду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүнү сураган.

Натыйжада анын сунуштамасын кароо үчүн жети депутаттан турган комиссия түзүлдү.

Жээнбеков менен Зулпукаров үстүбүздөгү жылдын июнь айында "Кумтөр" долбоорун ишке киргизүүдөгү коррупциялык иштерге катыштыгы бар деген шек менен кармалган. Алар учурда УКМКнын тергөө абагында. https://sputnik.kg/society/20211125/1054730053/sayasatchylardyn-abaktagy-moonotu-uzartyldy.html

Ал эми Бакыт Жетигенов бийликти басып алууга белсенген деген шек менен шайлоонун алдында кармалган.

0
Белгилер:
депутат, Асылбек Жээнбеков, кол тийбестик, комиссия, Аккулу Бердиев
Жогорку Кеңештеги депутаттын орун жайы. Архивдик сүрөт

Үч депутаттын кол тийбестигин карачу комиссия түзүлдү. Курамы

53
(жаңыланган 12:32 01.12.2021)
Комиссиянын чечимине карап парламент кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү же бербөө маселеси добуш берүү менен чечилет.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров жана Бакыт Жетигеновдун кол тийбестигин ажыратуу сунушун иликтөөчү депутаттык комиссия түзүлдү.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев аталган эл өкүлдөрүн кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүнү сураган. Анын сунуштамасын кароо үчүн комиссиянын курамына жети депутат кирди. Алар төмөнкүлөр:

  • КСДПдан Евгения Строкова;
  • "Республика Ата-Журт" фракциясынан Авазбек Абдугапаров;
  • "Кыргызстан" фракциясынан Алмаз Токторов;
  • "Кыргызстан" фракциясынан Канат Исаев;
  • "Өнүгүү" фракциясынан Тазабек Икрамов;
  • "Бир бол" фракциясынан Мамасадык Бакиров;
  • "Ата Мекен" фракциясынан Эмил Токтошев.

Комиссиянын курамына кирген эл өкүлдөрү бир айлык мөөнөттүн ичинде иликтеп, парламентке баяндама жасашы керек. Андан соң кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү же бербөө маселеси добуш берүү менен чечилет.

Буга чейин да 27-ноябрда эл өкүлдөрүнүн кол тийбестигин алуу боюнча ЖКнын кезексиз жыйыны пландалып, кворум жоктугунан өтпөй калган.

Белгилей кетсек, Жээнбеков менен Зулпукаров үстүбүздөгү жылдын июнь айында "Кумтөр" долбоорун ишке киргизүүдөгү коррупциялык иштерге катыштыгы бар деген шек менен кармалган. Алар учурда УКМКнын тергөө абагында

Ал эми Бакыт Жетигенов бийликти басып алууга белсенген деген шек менен шайлоонун алдында кармалган.

53
Белгилер:
Жогорку Кеңеш, депутат, Асылбек Жээнбеков, кол тийбестик, комиссия
Тема боюнча
Беш депутат келди. Парламенттин кезексиз жыйыны кворум жок өтпөй калды