Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева. Архив

Сурабалдиева: Матраимовдун үйлөрүн үн катпай келген чекисттерге берүү туура эмес

507
(жаңыланган 17:41 25.12.2020)
Чиновник конфискацияланган батирлерди соттун чечими менен Мамлекеттик мүлк фондуна өткөрүү мыйзамдуу жол экенин айтты.

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Канча жылдан бери Райым Матраимов тууралуу журналисттик иликтөөлөргө үн катпаган УКМК кызматкерлерине анын батирлерин белекке берүү туура эмес. Бул тууралуу вице-премьер Эльвира Сурабалдиева Facebook баракчасына жазды.

Чиновник бүгүнкү күндө калктын аярлуу катмарына кам көрүү адилеттүүлүктүн белгиси болорун билдирген.

"Кечээ парламентте депутаттар да "Матраимовдордун батирлерин жетимдерге бербейсиңерби. Алар социалдык турак жайларды күтүп чарчашты" деп айтышты. Канчалаган мугалим, доктурлар, социалдык кызматкерлер да туура көрмөк. Бажы, милиция, укук коргоо органдарындагы кызматкерлердин иши оор, сыйлайбыз. Бирок акыйкаттыктын чоң белгиси катары өкмөт аярлуу катмарга кам көрүшү шарт", — деп жазган Сурабалдиева.

Ошондой эле ал конфискацияланган батирлерди соттун чечими менен Мамлекеттик мүлк фондуна өткөрүү мыйзамдуу жол экенин айтты. Андан соң өкмөттүн балансына алып же аукцион аркылуу сатып, каражатты бюджетке которсо болорун белгилеген.

Эскерте кетсек, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Райым Матраимов 1,4 миллиард сомду накталай, калган 600 миллион сомуна бир соода борбору, тогуз батирин өткөрүп бергенин айткан. Анын сегизин УКМК кызматкерлерине калтыруу чечими кабыл алынган. Батирлердин чекисттерге берилиши коомчулукта катуу нааразычылык жаратууда.

507
Белгилер:
балдар, жетим, Райымбек Матраимов, батир, өкмөт, Эльвира Сурабалдиева
Тема боюнча
Депутат Матраимовдун үйлөрүн чекисттерге эмес, жетим балдарга берүүнү сунуштады
Ташиев Райым Матраимов 2 млрд. сомду кандай жол менен кайтарганын айтты

Түрмөдөн чыгып тактыга отурган президенттер. Садыр Жапаров өңдүүлөр көппү

1
Айрым дүйнөлүк лидерлер саясий олимпке чыгаардын алдында эркинен ажыратылып, абакта болушкан. Sputnik Кыргызстан ушундай башчылар тууралуу түрмөк даярдады.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, 10-январда өткөн кезексиз президенттик шайлоодо Садыр Жапаров утуп чыкты. Ал 16 атаандашын артта калтырып, шайлоого катышкан кыргызстандыктардын дээрлик 80 пайыз добушуна ээ болгон. Андан кийинки сапта жетиден кем пайыз алган Адахан Мадумаров. Калган талапкерлер үч пайызга да жетпеген добуш алышты.

Жапаров саясатка түз эле түзөтүү колониясынан келди. Мурдагы эл өкүлү мамлекеттик кызматкерди барымтага алган деген айып менен жазасын өтөп жаткан. 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылыктан улам башталган элдик толкундоолордун экинчи күнүндө аны тарапташтары бошоткон. Алты күн өтпөй Жапаров премьер-министрлик кызматка бекиген. Дагы беш күндөн кийин президент Сооронбай Жээнбековду отставкага кетүүгө мажбурлап, өзү мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу болуп калган. Бийликке "түрмө аркылуу" келген башка өлкөлөрдүн башчыларын эске салууну чечтик.

Фидель Кастро

Кубалык революционер жана мамлекеттик ишмер 1953-жылы Сантьяго-де-Куба шаарындагы Монкада аскердик казармаларга жасалган ийгиликсиз чабуулдан улам камалган. Дал ошондо алгач ирет "Эркиндик же өлүм!" деген айтылуу ураан жаңырган.

Көтөрүлүш аёосуз басылып, Фидель Кастро аскердик трибуналга чыккан. Он беш жылга кесилген, бирок 1955-жылдын май айында коомдук пикирдин басымы алдында козголоңчуга ырайым берилген. Ошол эле жылы ал Мексикага жер которот.

Кастронун доору Кубада 1959-жылы, тагыраагы, революция жеңип жана Фульхенсио Батистанын диктатурасы кулатылганда башталган. Январда Кастро армиянын командачылыгын өз көзөмөлүнө алып, ал эми февралда өкмөт башчысынын ордун ээлеген. Өлкөнү дээрлик жарым кылым, 2008-жылга дейре жетектеп турган. Акыркы жылдары мамлекетти башкаруудан четтеп, бийликти иниси Рауль Кастрого өткөрүп берген. Ал киши да кезегинде көтөрүлүшчүлөр армиясында күрөшкөн.

Иосип Броз Тито

Балкандардагы эң белгилүү саясатчылардын бири Иосип Броз Тито мамлекет башына келгенге чейин темир тор аркасына эки ирет түшкөн. Адегенде бул Биринчи дүйнөлүк согуш убагында болгон, ага болочоктогу жол башчы Австрия-Венгрия императордук армиясынын курамына чакырылган.

Тито эмне себеп менен, кандай шарттарда кесилгени так белгисиз. Бир версияга ылайык, козголоңго азгыргандыгы, дагы бир версияга ылайык, ал орустар менен качууга ниети үчүн камакка алынганы айтылат. Кандай болгон күндө да көп өтпөй толук акталып чыккан.

Экинчи жолу 1928-жылы беш жылдан ашуун мезгилге кесилип, жазасын оор шартта өтөгөн. 1934-жылы март айында абактан чыгат. Азаттыкка чыккан соң Югославиянын Коммунисттик партиясынын жетекчилеринин бири болгон.

1948-жылы премьер-министр жана Тышкы иштер министрлигин аркалаган, ал эми 1953-жылы Тито президент болуп шайланат. Бул кызматты өмүрүнүн аягына дейре, тагыраагы, 1980-жылдын май айына дейре ээлеген.

Вацлав Гавел

1989-жылдын 29-декабрында Чехословакияда бийликке драматург, социалисттик түзүлүштүн айтылуу сынчысы Вацлав Гавел келген. Эч кандай саясий тажрыйбасы жок киши посткоммунисттик Чехословакиянын тун президенти болот. Ал эми өлкө экиге бөлүнгөн соң Чехияны жетектеп калат. Бийликке келгенче бир нече ирет камалып чыккан. Биринчисинде 1977-жылы мамлекеттик кызматкерге кол салганы үчүн айыпталган эле. Гавел абакта бир нече ай отурган, андан соң кылмыш ишин токтотушкан.

1979-жылы ал мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракети үчүн кайра 4,5 жылга камалган. Натыйжада Гавел жалган жалаа менен дагы эки мөөнөттүк жаза алганы айтылат. Президент болуп шайлангандан жарым жыл мурун толук жазасын өтөп чыккан.

Уго Чавес

Катаал, ошол эле убакта калктын сүймөнчүгү болгон венесуэлалык лидер Уго Чавес 1992-жылдын башында президент Карлос Андрес Перести тактысынан кулатуу аракети үчүн түрмөгө түшкөн. Анын жашыруун кыймылы тарабынан уюштурулган аскердик төңкөрүш 18 кишинин өмүрүн алып, полковник Чавес бийликке багынып бергенче 60 киши жаракат алган.

Болочок президент эки жыл абакта отурган, кийин "Бешинчи республика үчүн кыймыл" деп аталган партиясын түзөт. Чавес өкмөттү күч менен кулатууга бекем ишенген. Бирок тактикасын өзгөртүүгө аргасыз болуп, 1998-жылы президенттик шайлоого өз талапкерлигин коёт. Шайлоочулардын 56 пайыз добушуна ээ болуп, жыйынтыгында бийликке тынч жол менен келген. Элдин ишениминен тайбаган Чавес кийин үч жолу — 2000, 2006 жана 2012-жылдары президенттикке кайрадан шайланып келген.

Нельсон Мандела

Апартеид режимине каршы турган айтылуу күрөшчү Түштүк Африка Республикасынын президенти болгонго чейин 27 жыл абакта отурган.

Алгач ирет 1956-жылы камалган. Мандела жана Африкалык улуттук конгресстин 156 активисти мамлекетке чыккынчылык кылды деп айыпталган. Бирок Манделага тагылган айып төрт жылга созулган соттук процесстин жыйынтыгында алынган.

Көп өтпөй Мандела саботаж жана өкмөттү күч менен кулатууга аракет жасаган деген айып менен кайрадан абакка кирет. 1964-жылы ага өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмү чыгарылат.

27 жылдын он жетисин ал жалгыз кишилик камерада өткөрүп, жарым жылда бир гана киши андан кабар алып жана бир гана кат алууга укугу болгон. Мандела өз эскерүүлөрүндө каттар көбүнчө абактык цензурадан өтпөй калганын жазган. Түрмөдө отурган убагында ал Лондон университетин сырттан окуп, юридикалык илимдердин бакалавр даражасын алган.

Аны 1990-жылы, Түштүк Африка Республикасына жаңы башчы келгенде гана бошотушкан. Эркиндикке чыккандан төрт жылдан кийин Мандела президенттик шайлоодо жеңип чыгып, бул кызматты 1999-жылга чейин аркалаган. 1993-жылы "апартеид режиминин аякташына тынч жол менен кошкон салымы жана Түштүк Африкада жаңы демократиянын негиздерин түптөгөнү үчүн" Нобелдин тынчтык сыйлыгына татыган.

Садыр Жапаров туурасындагы кызыктуу фактылар менен бул шилтеме аркылуу таанышсаңыз болот.

1
Белгилер:
бийлик, шайлоо, түрмө, президент, Садыр Жапаров
Коррупция беренеси менен шектелип Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкулов кармалды

УКМК депутат Дүйшөн Төрөкуловду желкелеген бойдон кармап кетти. Сүрөт

161
(жаңыланган 10:23 16.01.2021)
Биринчи май райондук сотунун чечими менен депутат Төрөкулов эки айга УКМКнын тергөө абагына камалган.

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Коррупция беренеси менен шектелип Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкулов кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

  • ГКНБ задержал депутата Жогорку Кенеша от фракции Бир Бол Дуйшона Торокулова
    Коррупция беренеси менен шектелип Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкулов кармалды
    © Фото / пресс-служба ГКНБ
  • ГКНБ задержал депутата Жогорку Кенеша от фракции Бир Бол Дуйшона Торокулова
    Билдирмеге ылайык, ал 15-январь күнү Ош шаарынан кармалып, Бишкек шаарына алып келинген.
    © Фото / пресс-служба ГКНБ
1 / 2
© Фото / пресс-служба ГКНБ
Коррупция беренеси менен шектелип Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкулов кармалды

Билдирмеге ылайык, ал 15-январь күнү Ош шаарынан кармалып, Бишкек шаарына алып келинген.

Ошондой эле УКМК менен ИИМдин тергөө кызматы биргелешип кылмыштуу топтун мүчөсү Жантай Шаменовду дагы Чүй облусунун аймагынан кармаганы айтылат.

Биринчи май райондук сотунун чечими менен депутат Төрөкулов эки айга УКМКнын тергөө абагына камалган. Ал эми Шаменов убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Белгилей кетсек, Дүйшөн Төрөкулов Жогорку Кеңеште "Бир Бол" фракциясынан депутат. Октябрдагы башаламандык учурунда Ош шаардык мэриясын басып алып, өзүн-өзү мэр деп жарыялап эки күн отурган.

161
Белгилер:
кармоо, УКМК, шайлоо, депутат, Дүйшөн Төрөкулов
Тема боюнча
Автомат такап, баса калып... Спецназ кримтөбөл "Алтуханы" кармаган видео