Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев. Архив

Ташиев тергөө абагындагы Алмазбек Атамбаевден кабар алды

1030
(жаңыланган 20:06 25.12.2020)
Кечээ, 24-декабрда, УКМКнын жетекчиси ден соолугу начарлаган мурдагы президент Атамбаевге барып кабар аларын убадалаган.

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Бүгүн, 25-декабрда, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев мекеменин тергөө абагында жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевден кабар алды.

Эске салсак, кечээ Ташиев маалымат жыйын учурунда Атамбаевдин ден соолугу начарлагандыктан бүгүн кабар аларын айткан. Ал ошондой эле жолугушуунун жыйынтыгында Атамбаевди ооруканага же башка жайга которуу чечимин кабыл аларын билдирген.

Ташиев бүгүн УКМКнын тергөө абагына барып, Атамбаев кармалып турган жердин шартын караган.

"Атамбаев кармоо шартына эч кандай нааразычылыгы жок экенин, болгону ден соолугунда көйгөй болуп жатканын билдирген", — дешти УКМКдан.

Ташиев Атамбаевдин саламаттыгын текшерүүнү тапшырып, анын жыйынтыгына жараша ооруканага жаткыруу чечими кабыл алынарын билдирген.

1030
Белгилер:
тергөө абагы, Камчыбек Ташиев, УКМК, Алмазбек Атамбаев
Тема:
Алмазбек Атамбаевдин кармалышы (130)
Тема боюнча
Атамбаевдин ден соолугу жакшырып, сот залына алып келинди. Сүрөт
Жогорку Кеңеш. Архив

Жогорку Кеңеште жаңы вице-спикер шайланууда. Көрсөтүлгөн талапкерлер

138
(жаңыланган 12:24 27.01.2021)
Төраганын орун басары кызматына парламенттин оппозициялык фракцияларынын квотасы менен көрсөтүлүп, шайланат.

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары вице-спикерди шайлап жатат.

Төраганын орун басары кызматына оппозициялык фракциялардын квотасы менен көрсөтүлөт. "Ата Мекен" фракциясы Нурбек Сыдыгалиевди, "Өнүгүү – Прогресс" фракциясы Уланбек Исмаиловдун талапкерлигин сунуштады.

Мурдагы вице-спикер Мирлан Бакиров белгисиз себептерден улам өткөн жылдын 23-декабрында кызматын тапшырып кеткен.

138
Белгилер:
депутат, талапкер, шайлоо, вице-спикер, Жогорку Кеңеш, Мирлан Бакиров, Нурбек Сыдыгалиев, Уланбек Исмаилов
Тема боюнча
Садыр Жапаров премьерликтен качан кетиши керек? Өкмөттү кандай тагдыр күтөт
Аягына чейин иштесеңиз болмок. Касымалиева кызматтан кеткен Бакировго кайрылды
Улуттук гвардиянын маршы. Архив

Генералдык штаб кайрадан Коргоо министрлигине айланышы ыктымал

56
(жаңыланган 12:08 27.01.2021)
Учурда КМШ мамлекеттеринин ичинен Кыргызстанда эле аскердик тармактын башкы командалык органы Генералдык штаб экени белгиленди. Куралдуу күчтөр бул мекемеге 2014-жылы бириккен.

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабын кайрадан Коргоо министрлиги деп өзгөртүү маселеси каралып жатат. Бул тууралуу маалыматты Генштабдын маалымат кызматы тастыктады.

Мекеменин Facebook баракчасында "Жарандар министрликти түзүүгө кандай карайт?" деген сурамжылоо жүргүзүлгөн. Анда элдин көбү бул идеяны колдогон.

"Өлкөгө жаңы жетекчинин келиши менен эски системага кайтуу планы бар. Тагыраагы, мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн", — деп белгилеген Генералдык штаб.

Учурда КМШ мамлекеттеринин ичинен Кыргызстанда эле аскердик тармактын башкы командалык органы Генералдык штаб экени белгиленди. Коргоо министрлигине кайтуу менен өлкөнүн аскердик доктринасы өзгөрөт.

Эске салсак, Куралдуу күчтөр Генералдык штабга 2014-жылы бириккен.

2018-жылы Жогорку Кеңеште Коргоо министрлигин кайтаруу маселеси көтөрүлгөн. Анда депутат Алмамбет Шыкмаматов Генштабдын генералдары чет мамлекеттерде таанылбай жатканын, анткени мындай орган сыртта анча маанилүү мекеме эместигин белгилеген.

56
Белгилер:
өзгөртүүлөр, мыйзам, реформа, Коргоо министрлиги, Генералдык штаб, Куралдуу күчтөр, Кыргызстан