БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Кыргызстанда келе жаткан жылдын 10-январында президенттик шайлоо болот. Эгер анда талапкерлердин бири дагы добуштардын жарымынан көбүн ала албаса, экинчи тур жарыяланат.
Sputnik Кыргызстан редакциясы шайлоонун экинчи туру болуп кала турган болсо, жарандар эмнени билиши керектигин карап көрдү.
Эгер талапкерлердин бири дагы жалпы добуштардын жарымынан көбүн ала албаса же "баарына каршы" графасы алдыга чыгып кетсе, экинчи тур жарыяланат.
Кайталап добуш берүү 20 күндүн ичинде өткөрүлүшү керек. Экинчи турдун мөөнөтү боюнча Борбордук шайлоо комитети шайлоонун расмий жыйынтыгын билдиргенден кийин үч күндөн кечикпей жарыялашы керек.
Биринчи турда канча киши болгонуна карабай экинчиге эң көп добуш алган эки гана талапкер катыша алат. Эгер экөөнүн бири баш тартса, үчүнчү орунду ээлеген адам катышса болот. Эгер талапкерлер калбай калса бир гана талапкер боюнча добуш берилет.
Экинчи турду биринчисиндей болуп добуштардын тең жарымынын көбүн эмес, көбүрөөк добуш алган талапкер президент болуп шайланат.
Маалымат "Кыргыз Республикасынын президентин Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамынан алынды.
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. АКШнын жаңы шайланган президенти Жозеф Байдендин администрациясы инаугурациядан кийин СНВ-3 келишиминин узартылышы боюнча маселени карашы мүмкүн. Sputnik радиосунун обосунда бул маселени аскердик саясат таануучу Андрей Кошкин айтып берди.
Мамлекеттик катчылыкка сунушталып жаткан Энтони Блинкен инаугурациядан кийин Стратегиялык жактан чабуул жасаган куралданууну чектөө жана кыскартуунун андан аркы чаралары жаатындагы келишим боюнча иш жүрөрүн билдирген.Анын айтымына караганда, Ак үйдөгү команда бул келишимдин узартылышы боюнча иштейт.
Мамлекеттик катчыга талапкер администрация муну менен бирге эле ракета менен кол салууга каршы коргонуу системасынын чектелиши боюнча кандай гана чара болбосун макул болбой тургандыктарын айтты.
Sputnik радиосунун обосунда Россиянын Плеханов атындагы Экономика университетинин саясат таануу жана социология кафедрасынын жетекчиси Андрей Кошкин бул боюнча комментарий берди.
"СНВ-3 долбоорун узартуу боюнча демилгеден улам Байдендин администрациясын кубаттоого болот. Кайсы бир жактан алып караганда бул АКШ менен РФ ортосундагы өз ара кызматташуу өңүтүн өзгөртөт. Бул — жарыша куралдануунун артынан түшүп алууну кармап турган механизмди сактап калууга умтулуу. Кыязы, администрациянын АКШда страгегиялык куралданууну кармап туруу боюнча жаңы саясатынын башталышы. Ал эмне болгон күндө да башка макулдашууларды түзүүгө алып келет. Бул бир канча мамлекеттердин, анын ичинен АКШнын да өзөктүк куралдарды толук көзөмөлдөө боюнча башка макулдашууларды түзүүсүн шартташы мүмкүн", — деди Кошкин.СНВ-3 негизинде ар бир тарап өзөктүк куралдарын жети жылдан кийин алардын саны континент аралык баллистикалык ракеталардын, суу астында жүрүүчү кайыктардын баллистикалык ракеталарынын жана бомбалоочу оор техникалардын санын 700дөн жана башка техникалардын санын да айтылган чектен ашырбаш керектиги каралган.
СНВ-3 — Россия менен АКШнын ортосундагы куралданууну чектеп турган жалгыз келишим. Анын мөөнөтү 2021-жылдын 5-февралында соңуна чыгат, эгер узартылбаса, ири өзөктүк державаларды тизгиндеп турган нерсе калбай калат.
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Таалайбек Акматбаев мэриянын алдындагы Шаардык транспорт башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге ылайык, аталган буйрукка мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койгон.
Акматбаев буга чейин Октябрь районунун акиминин орун басары болуп иштеп жаткан. Ал мыйзамдын 30-беренесине ылайык, жаңы кызматка ротация жолу менен дайындалды.
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. 2020-жылдын экинчи жарым жылдыгында калктын ишеним индекси кыргыз бийлигине былтыркыга салыштырмалуу төмөндөп кетти. Бул туурасында Улуттук статистика комитети билдирди.
Изилдөө декабрь айында жүргүзүлүп, 18 жаштан 75 жашка чейинки Кыргызстандын 3600 жараны сурамжылоого алынган.
Натыйжада аткаруу бийлигинин, Бишкек, Ош шаарларынын мэрияларынын, өкмөттүн облустагы өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердигине калктын ишеним индекси 25 баллды түзгөн. Муну менен 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,8 баллга төмөндөгөн.