БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Президенттикке талапкер Рашид Тагаев президенттик шайлоого катышуудан баш тартты. Бул тууралуу анын штабынын маалымат катчысы Нуриля Чолпонбаева билдирди.
Тагаевдин талапкерлигин кайтарып алуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына тиешелүү документтер жөнөтүлгөнү белгилүү болду.
"Мен өз позициям менен эле өлкөнүн туруктуулугу жана тынчтыгы үчүн кызмат кылуумду уланта бермекчимин. Бирок бүгүн саясий кырдаал тез өзгөрүп жаткандыктан, чукул чечимдерди кабыл алууга туура келип жатат. Менин чечимимди түшүнүү менен кабыл аласыңар деп ишенем", — деди Тагаев.
Ал эми БШКдан талапкердин арызы карала электигин айтышты. Эске салсак, 10-январда өтө турган президенттик шайлоого 18 талапкер катталган эле.
БШКнын маалыматына караганда, Тагаевдин шайлоо фондунда 3,7 миллион сом болгон. Талапкер анын 3,1 миллионун сарптоого жетишкен.
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. АКШ сенаты Пентагон башчылыгына Ллойд Остиндин талапкерлигин бекиткенин РИА Новости жазды.
Анын талапкерлигине 93 сенатор "макул" болсо, экөө "каршы" добуш берген.
Жарандык коргонуу министри кызмат ордуна жети жыл мурун пенсияга чыккан, тажрыйбалуу аскер адамдары гана ат салыша алат. Алар конгресстин атайын макулдугун алышы керек.
Остин 2016-жылы отставкага кеткен. Анын талапкерлигин сенаттын профилдик комитети колдоп берген.
Ал 67 жашта, төрт жылдыздуу генерал даражасына ээ. Остин коргоо мекемесин жетектеген биринчи афроамерикалык болмокчу. Германия, АКШ, Ирак мамлекеттеринде аскердик кызматын өтөгөн. Вашингтондун "Ислам мамлекети"* тобу менен күрөшүүсүнө салым кошкон.2016-жылы пенсияга чыккандан кийин ири куралдарды чыгарган Raytheon компаниясынын директорлор кеңешинде иштеп жаткан.
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев ага карата кылмыш иши козголушу боюнча маалымат жыйын берди.
Эске салсак, Сегизбаев Аламүдүн райондук администрациясынын жана Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары менен мамлекеттин өзгөчө коргоосундагы жайыт жерлеринин бүтүндүгүнө кол салган деп шектелүүдө. Ага Жазык кодексинин 319-беренеси ("Коррупция") боюнча кылмыш иши козголду.
"Мага коюлган берененин эч бир негизи жок. Коррупция деген такыр башка түшүнүк. Анда кызматкер материалдык пайда көрүү үчүн атайын иш-аракеттерди жасайт. Ал эми Башкы прокуратура мени кызмат адамдары менен жайыт жерлерин мыйзамсыз трансформациялаган деп айыптоодо", — деди.
Ал 2008-жылы жайытты ижарага алып иштеткенин айтып, жашыл китебин көрсөткөн. Ал убакта эч бир мамлекеттик кызматта иштебегенин да билдирген.
Ошондой эле Сегизбаев ашыкча байлыгы жок экенин айткан.
Ал эми президенттик компанияны багбанчылык жана мал чарбачылыгынан түшкөн кирешеден каржылаганын кошумчалаган. Мамлекеттик кызматка киришкенден кийин бул тармакты эжесинин башкаруусуна өткөрүп бергенин айткан.
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Быйыл санариптештирүүнүн алкагында айдоочулук күбөлүктөрдү жана автоунаалардын паспортторун электрондук түргө өткөрүү пландаштырылууда. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, аталган долбоор пилоттук негизде адегенде Бишкек шаарында башталат.
"Пилоттук түрдө сыналуучу долбоордо унаа башкарган адамдар бет түзүлүшү аркылуу идентификацияланып, келечекте айдоочунун күбөлүгүн жана унаанын документин каттоо электрондук түргө өтүүгө мүмкүндүк берет. Электрондук документтер мобилдик тиркемелер аркылуу сунушталат", — деп айтылат маалыматта.
Өткөн жылы "Унаа" ишканасы тарабынан автонуааларга 413 миң 218 мамлекеттик номер белгилери, 250 миң 038 транспорт каражатын каттоо тууралуу күбөлүктөр берилген.
Ал эми эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк алгандардын саны 189 миң 526 адамга берилген.