КТРК талапкерлердин дебатынын 3-күнкү видеосу эмнеге өчүп калганын айтты

Жазылуу
Кечээ дебаттардын биринчи турунун акыркы бөлүгү аяктаган. Телеканал Бабыржан Төлбаев, Курсан Асанов, Равшан Жээнбеков, Жеңишбек Байгуттиев, Улукбек Кочкоров жана Абдил Сегизбаевдин дебатын көрсөткөн.

БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Президенттикке талапкерлердин дебатынын биринчи турунун үчүнчү күнкү видеосу КТРК ресурстарынын техникалык мүчүлүштүктөрүнөн улам өчүп калган. Бул тууралуу Sputnik агенттигинин кабарчысына телеканалдын башкы директору Бактияр Алиев билдирди.

Кечээ дебаттардын биринчи турунун акыркы бөлүгү аяктаган. Телеканал Бабыржан Төлбаев, Курсан Асанов, Равшан Жээнбеков, Жеңишбек Байгуттиев, Улукбек Кочкоров жана Абдил Сегизбаевдин дебатын көрсөткөн.

Жогорку Кеңештин имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Президент болом деген 4 талапкер бирикти. Себеби жана максаты
Ал аяктары менен социалдык тармак колдонуучулары түз эфирдин видеосун таппай калышкан.

Айрым талапкерлер муну "репрессия режимин эске салып жатат" деп баалашкан.

Бирок КТРКнын жаңы шайланган директору мунун себебин башкача түшүндүрүүдө.

"Техникалык мүчүлүштүктөр болду. Пресс-релиз дайындалып жатат, себебин түшүндүрөбүз", — деди Алиев.

Дебаттардын экинчи туру 6, 7, 8-январь күндөрү болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0