Костюмчан киши. Архивдик сүрөт

Президент болчулардын дебатынын 2-турунда ким-ким менен чыгат. График

550
Бул жолку дебатты Садыр Жапаров, Адахан Мадумаров, Канатбек Исаев, Курсан Асанов, Элдар Абакиров жана Аймен Касеновдор баштайт.

БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Президенттикке талапкерлердин КТРКдагы теледебатынын экинчи туру 6-январда башталат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) бекиткен графигинде көрсөтүлгөн.

Алгач 18 талапкер чүчү кулак ыкмасы менен теледебаттардын ар бир күнүнө алтыдан бөлүнгөн. Ага ылайык экинчи тур 6, 7, 8-январь күндөрү саат 20:00дө түз эфирден көрсөтүлөт.

Ал ортодо Рашид Тагаев жарышка катышуудан баш тартып, 7-январда бешөө чыкмай болду.

Теледебаттардын графиги:

6-январь (шаршемби):

  • Садыр Жапаров;
  • Адахан Мадумаров;
  • Канатбек Исаев;
  • Курсан Асанов;
  • Элдар Абакиров;
  • Аймен Касенов.

7-январь (бейшемби):

  • Клара Сооронкулова;
  • Абдил Сегизбаев;
  • Арстанбек Абдылдаев;
  • Равшан Жээнбеков;
  • Каныбек Иманалиев.

8-январь (жума):

  • Улукбек Кочкоров;
  • Бабыржан Төлбаев;
  • Бактыбек Калмаматов;
  • Жеңишбек Байгуттиев;
  • Имамидин Ташов;
  • Мыктыбек Арстанбек.

Кыргызстандын мамлекет башчысын шайлоо 10-январда өтөт. Үгүт иштери 15-декабрдан 9-январга (саат 8.00) чейин уланат.

550
Белгилер:
шайлоо, талапкер, график, КТРК, теледебат
Тема:
Кыргызстандагы президенттик шайлоо – 2021 (195)
Тема боюнча
Айыптоого эч негиз жок. КТРК дебаттын өчүрүлүшү боюнча билдирүү таратты
Президент болом деген 4 талапкер бирикти. Себеби жана максаты
Мурдагы Коопсуздук жана укук коомдук фондусунун төрагасы Жаныш Бакиев. Архив

Маалымат булагы: Кыргызстанга Жаныш Бакиевдин аялы учуп келди

8
(жаңыланган 12:59 27.01.2021)

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Кыргызстанга Жаныш Бакиевдин жубайы Орозгүл Токторбаев учуп келди. Бул тууралуу ишенимдүү маалымат булагы Sputnik агенттигине билдирди.

Анын айтымында, Токторбаева өлкөгө кечээ, 26-январда, башка фамилия менен кирген.

8
Жогорку Кеңеш. Архив

Жогорку Кеңеште жаңы вице-спикер шайланууда. Көрсөтүлгөн талапкерлер

188
(жаңыланган 12:24 27.01.2021)
Төраганын орун басары кызматына парламенттин оппозициялык фракцияларынын квотасы менен көрсөтүлүп, шайланат.

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары вице-спикерди шайлап жатат.

Төраганын орун басары кызматына оппозициялык фракциялардын квотасы менен көрсөтүлөт. "Ата Мекен" фракциясы Нурбек Сыдыгалиевди, "Өнүгүү – Прогресс" фракциясы Уланбек Исмаиловдун талапкерлигин сунуштады.

Мурдагы вице-спикер Мирлан Бакиров белгисиз себептерден улам өткөн жылдын 23-декабрында кызматын тапшырып кеткен.

188
Белгилер:
депутат, талапкер, шайлоо, вице-спикер, Жогорку Кеңеш, Мирлан Бакиров, Нурбек Сыдыгалиев, Уланбек Исмаилов
Тема боюнча
Садыр Жапаров премьерликтен качан кетиши керек? Өкмөттү кандай тагдыр күтөт
Аягына чейин иштесеңиз болмок. Касымалиева кызматтан кеткен Бакировго кайрылды