Портфельчен адам. Архив

Кербендеги башаламандык: Аксынын акими иштен алынды

94
(жаңыланган 16:28 05.01.2021)
2-январь күнү Жалал-Абад облустук башкармалыгынын алдына митингге чыккан 300гө жакын адам райондук милициянын башчысы менен акимдин кызматтан кетишин талап кылышкан.

БИШКЕК, 5-янв. – Sputnik. Аксы районунун акими Эсеналы Ормоналиев берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, тиешелүү буйрукка премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков кол койгон.

Эсеналы Ормоналиев Аксы районунун акими болуп 2020-жылдын июль айында дайындалган.

7-октябрда аны кызматтан кетирүүгө байланыштуу башаламандык кандуу окуя менен аяктаган. Анда Уланбек Жамангулов аттуу жергиликтүү тургун каза таап, дагы алты киши жаракат алган. Каза болгон Жамангуловдун өлүмүнө байланыштуу эки адам камакка алынган.

2-январь күнү УКМКнын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын алдына 300гө жакын адам нааразычылык акциясына чыккан. Алар кармалгандардын бошотулушун жана райондун акими менен жергиликтүү милициянын жетекчисин кызматтан алуу талабын коюшкан.

4-январь күнү 200дөй адам кайрадан нааразычылык акциясына чыгып, Жалал-Абадда Кербен — Ала-Бука жолун тосуп алышкан. Ушул эле күнү кечке жуук Аксы райондук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Шекербек Таңгиров кызматынан алынган.

94
Белгилер:
Кербен, Аксы, башаламандык, аким
Тема боюнча
Кербендеги башаламандык. Жергиликтүү милициянын жетекчиси иштен алынды
Кербен — Ала-Бука жолу ачылып, жол тосуу фактысы реестрге катталды. Видео
Ошто мас абалында соттук ишке катышты деген прокурор иштен алынды
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын төрагасы Сыймык Жапыкеев. Архив

Аспеков Жапыкеевге 50 миң доллар берүүгө камынганбы? Финпол жооп берди

931
(жаңыланган 14:47 18.01.2021)
Азыркы тапта Жапыкеев Бишкек ТЭЦинин ишин текшерип жүрөт, ал тууралуу айтылган кептер карандай калп.

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын төрагасы Сыймык Жапыкеевдин айланасындагы кептер боюнча аталган органдын маалымат кызматы комментарий берди.

Белгилей кетсек, айрым ЖМКлар "Кыргыз темир жолу" ишканасынын жетекчилигин опузалап 250 миң доллар талап кылды деп кармалган Мелис Аспеков өз көрсөтмөсүндө 50 миң долларын Жапыкеевге бермек болгонун айтканын жазган. Ошондой эле Финполдун төрагасы жакында камалары туурасында кеп тарады.

Финполдун маалымат кызматы айтылгандардын баары тастыкталбаган, карандай калп экенин билдирди.

"Учурда Финансы полициясы тарабынын коррупция, экономикалык жана финансылык кылмыштар менен күрөш тынымсыз жүрүп жатат. Жогорку рангдагы аткаминерлер аралашкан резонанстуу кылмыштуу схемаларды аныктап, алдын алууда. Мындан улам биздин кызматтын жетекчилигине көө жабууга аракет кыла башташты. Андай учур дагы кайталанышы мүмкүн, бирок биз ишти токтотпойбуз. Эң башкысы — элдин ишеними жана колдоосу керек", — деп айтылат маалыматта.

Ал эми Аспековдун көрсөтмөсүндө айтылгандар чындыкка дал келбей турганы белгиленет.

Маалымат кызмат азыркы тапта Жапыкеев Бишкек ТЭЦинин ишин текшерип жүргөнүн кошумчалады.

931
Белгилер:
ушак, көрсөтмө, финансы полициясы, Сыймык Жапыкеев
Тема боюнча
Жапыкеев: пандемияда иштеген аткаминерлердин баары сурак берип, көбү камалат
Илдетим күчөп кетти. Финполдун башчысы Сыймык Жапыкеев ооруканага түштү
Түндүк флоттун курамындагы Петр Великий кемеси. Архивдик сүрөт

"Батыш үчүн негизги коркунуч". Россия флоту флагманын алмаштырууда

244
(жаңыланган 20:28 17.01.2021)
Жаңы ракеталар, заманбап борттук жабдуулар, уникалдуу аскердик мүмкүнчүлүктөр — 1144 "Орлан" долбоорунун "Адмирал Нахимов" оор атомдук ракеталык крейсери Россиянын Аскер-деңиз флотунун флагман постундагы "Петр Великий" кемесинин ордун басат.

Бул келерки жылы, 2022-жылы, ишке ашырылмакчы. Заманбапташтырылган кеме РФ флотун чыңдайт. Бул туурасындагы Андрей Коцтун макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.

Алгачкы ранг

1144 "Орлан" долбоорунун крейсерлери – дүйнөдө авиаташуучулардан кийинки ири аскердик кемелер. Сыйымдуулугу — 25,8 миң тонна, узундугу — 250 метр, туурасы — 28,5 метр, экипаж — 760 киши. Россиянын бул типтеги эки вымпели — экинчи, Түндүк флоттун курамындагы "Петр Великий", ал "Нахимов" катарга кошулгандан кийин заманбапташтырылууга жөнөтүлөт. Маңызында экөө тең каалаган бутасын талкалай алчу толук куралданган деңиз платформасы болуп саналат. Стандарттык комплект П-700 "Гранит" кемеге каршы коргонуу ракеталарын кое берүүчү 20 орнотмо, "Оса-М" зениттик-ракеталык комплекстери, "Кинжал" жана ыраакка ок атуучу С-300Ф "Форт", "Метель" жана "Водопад" кемеге каршы коргонуу ракета-торпедалары, реактивдүү бомбомет жана АК-130 автоматтык кош стволдуу замбиректен турат. Атомдук энергетикалык орнотмосу, автономдуулугу  эки айды, ылдамдыгы 31 узелди түзөт. Сүзүү аралыгы дээрлик чектелбейт.

Крейсерлер Ырааккы Түндүк шарттарында да иштеп, Россиянын аскердик күчтөрүнө Арктика аймагына да орун алууну камсыздай алат. Аналитиктердин көпчүлүгү бул аянтты анчалык узак эмес келечекте табигый ресурстар үчүн потенциалдуу согуш талаасы катары көрүшөт.

Анткен менен кемелердин баары акырындап эскирип барат. Эгер 80-жылдардын аягы, 90-жылдардын башында "Орлан" кемелери кандай гана кас болбосун катыгын берип келген болсо, бүгүн абал ал убактагыдай эмес. Россияда азырынча биринчи рангдагы ири аскердик кемелерди курууда кыйынчылыктар болгондуктан, РФ Коргоо министрлиги колунда бар кемелерди заманбапташтырууну жана биринчи кезекте аларды жаңы курал менен жабдууну чечкен.

Абадан коргонуу платформасы

"Адмирал Нахимовду" 1999-жылы эле ремонтко жөнөтүшкөн, бирок крейсерди оңдоо иштери бул тармакка олуттуу каражат бөлүнгөн убакта, тагыраак, 2013-жылы гана башталган. 2015-жылы Северодвинскидеги "Севмаш" ишканасында кеменин эскилиги жеткен жабдуусу чыгарылып, корпусун баалоо иштери жүргөн. Кемени заманбапташтырууну 2018-жылы аяктоону чечишкен, бирок мөөнөт бир нече ирет узартылган. Иштин жүрүшүндө ремонт иштери өзгөртүлүп, борттук жабдуу жана куралдануусуна улам жаңы табылгалар киргизилип турган.

Былтыр май айында РФ коргоо министринин орун басары Алексей Криворучко оор крейсер биринчилерден болуп гипер үндүү "Циркон" ракеталарын алышарын билдирген. Алар бутасына үндөн тогуз эсе ылдам учуп, абадан коргонуунун эч бир тутумуна кармалбайт.

1000 чакырым чакты аралыкка жете алчу "Циркон" америкалык үнгө чейинки "Гарпун" кемеге каршы коргонуу ракеталарын артка калтырат (алардыкы 130 чакырым). "Орлан" кемелери дайым кубаттуу абадан коргонуучу кеме тутуму менен өзгөчөлөнүп келген. Заманбапташтырууга дейре "Нахимовдо" алыска атуучу С-300Ф "Форт" зениттик-ракеталык системасы менен жабдылган. Эми ал С-400дүн кыйла жакшыртылган аскердик-деңиз вариантына ээ болот.

Ар кыл типтеги зениттик ок-дары менен атуучу бул комплекс "көзгө көрүнбөс" учактарды жана башка аба, анын ичинде канаттуу жана баллистикалык буталарды да колго түшүрө алат.

40Н6 ракеталык системалары 400 чакырымга чейинки аралыктан объектилерди талкалайт. "Адмирал Нахимовго" С-400 зениттик-ракеталык тутумдун ок атуучу 96 шахтасы жайгаштырууну боолголоп жатышат, анда бул дүйнөдөгү абадан жасалган чабуулдан эң мыкты корголгон кемеге айланып чыга келет.

Сексен ячейка

Мындан тышкары, жакынкы аймакка ыңгайлашкан "Кортик" зениттик-ракеталык комплекси андан кыйла заманбап "Панцирь-МЕ", ал эми "Оса-М" зениттик ракеталары "Редут" жаңы ракеталарына алмаштырылат. Бирок көбүнесе сокку уруучу комплекстери заманга бапташтырылмакчы.

"Циркондордон" сырткары "Адмирал Нахимов" П-800 "Оникс" кемеге каршы коргонуу ракеталары жана 2500 чакырымга чейинки аралыкка жете алчу "Калибр" канаттуу ракеталары менен куралдандырылат. Алардын баары 80 ячейкадагы ок атуучу ЗС14 вертикалык орнотмолордон кое берилет. Аларды монтаждоо үчүн кемеден П-700 "Гранит" комплексин алып салууга туура келген.

"Граниттер" кезегинде өтө күчтүү курал эле, ылдамдыгы – үч Мах, ыраактыгы 625 чакырымды түзгөн. Беш килотонналык өзөктүк куралы бир тийгенде авиаташуучуну да кыйратып кое алчу. Бирок көлөмү чоң, узундугу он метр, салмагы жети тоннанын тегерегинде эле. Кемеге каршы коргонуучу жаңы ракеталардын ок бөлүгү анчалык кубаттуу эмес, бирок ыкчам жана таамай тиет.

Крейсердин кемеге каршы коргонуу куралдануусу да жаңыртылат. "Адмирал Нахимов" кемени жакынкы аралыктарда торпеда жана суу түбүндөгү кайыктардан коргой турган "Пакет-НК" комплексин алат. Бул система эки типтеги ок-дарыга: МТТ жылуулук торпедалары жана торпедаларга каршы коргонуучу реактивдүү М-15ке ээ. Биринчиси 20 чакырым аралыктан 600 метрге чейинки тереңдиктеги субмариналарды талкалай алат. Экинчиси кемеге чабуул койгон 1,4 чакырымга чейинки аралыктан 800 метрге дейре тереңдиктеги торпедаларды кармай алат.

"Пакет-НК" болушунча автоматташтырылган, өз алдынча бутаны байкап, тааный алат. Кыймылынын параметрлерин аныктап, торпедага жана кемеге каршы коргонуучу торпедага так бута көрсөткүчтөрүн берет. Эки ок-дары тең жетишерлик ыкчам жүрө алат, ылдамдыгы — 50 узел (саатына 92 чакырым).

Албетте, крейсердин электрондук ички курамы да эң заманбап тутумга алмаштырылып, бул кеме экипажынын кырдаалдан кабар алып туруусун алда канча жогорулатат, борттук куралды колдонуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтет. Булардан тышкары, крейсер байланыш жана навигациянын соңку үлгүдөгү системалары, ошондой эле заманбапташтырылган палубалык Ка-27М үч тик учагынан турган авиотоп менен камсыз болмокчу. Бул машиналар экипажга болжолдуу душмандын суу түбүндөгү кайыктарын табууну бир топ жеңилдетет.

244
Белгилер:
аскер-деңиз флоту, Россия
Тема боюнча
Сириядан Кавказга карай: россиялык Ми-28НМ жана Ми-26Т2В тик учактары сыналууда
Спутник V вакцинасы. Архивдик сүрөт

"Россия акчанын артынан куубайт". Европадагы ЖМКлар "Спутник V" тууралуу

0
(жаңыланган 16:41 18.01.2021)
Журналист Федерико Куско орустардын медицинасынан кабары жок болгондуктан "Спутник V" вакцинасынын чыгышын Батыш кайдыгерлик жана сындаган ар кыл пикирлери менен тосуп алды деген пикирде.

БИШКЕК, 18-янв.— Sputnik. Россия пандемиянын мизин кайтара турган препарат тапты. Батышта россиялык илимге наадандык менен мамиле кылуу бар деп жазган Sputnik франциялык Monde diplomatique басылмасына шилтеме кылып.

Макаланын автору Федерико Кусконун пикирине таянсак, Батыш орустардын медицинасынан кабары жок болгондуктан "Спутник V" вакцинасынын чыгышын кайдыгерлик жана сындаган ар кыл пикирлери менен тосуп алды.

"Маданий, саясий, тилдик абдан эле чоң айырмачылыктан улам алар россиялык демилгелерди шектенүү менен кабылдашат", – деп белгиледи журналист.

Ал препаратты иштеп чыгуу Россиядагы олуттуу илимий тарыхый чынжырчанын жыйынтыгы болгондугун айткан. Анткен менен батыштык "жомокчулар" россиялык илимий жетишкендиктерди жылдап танып келишкен, эми вакцинанын жасалышына да таң калып турган кези.

"Фармацевтик лабораториялар өзүнүн дарыларын асмандаган баада таңуулаган АКШдан, Евробиримдиктен айырмаланып, Россия акчанын артынан куубайт", – деп жазган Куско.

Журналисттин пикирине караганда, азыр ар кыл мамлекеттерде жайылтылып жаткан "Спутник V" дарегине болгон шектенүүлөрдү 50 жылдан кийин эч ким эстебейт.

0
Белгилер:
журналист, Батыш, Спутник V, вакцина, Россия
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Bloomberg "Спутник V" вакцинасына ишенүүгө жүйөлүү себептерди атады
"Спутник V" Африкага жетти. Россиялык вакцинага эмнеге мынча ишеним артылууда