Аксы районуна жаңы аким дайындалды

Жазылуу
Буга чейинки район башчысы Эсеналы Ормоналиев Кербен шаарында болгон башаламандыкка байланыштуу кызматтан алынган.
БИШКЕК, 5-янв. – Sputnik. Аксы районунун акими болуп Жыргалбек Шакиев дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Буга чейин Аксы районунун акими кызматын аркалап келген Эсеналы Ормоналиев 7-октябрь күнү Кербен шаарында кандуу окуя менен аяктаган башаламандыкка байланыштуу бүгүн кызматтан алынган.
Жарым жыл мурун кызматка дайындалган Осмоналиев менен райондук милиция жетекчисинин иштен кетишин талап кылып жергиликтүү эл эки жолу нааразычылык акциясына чыккан.
Жыргалбек Шакиев мурдагы маданият жана маалымат министри, NewTV телеканалынын директору Нурлан Шакиевдин бир тууган иниси.
Жаңылыктар түрмөгү
0