БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын байкоочулар миссиясы 7-12-январь күндөрү Кыргызстанда иш алып барат. Бул тууралуу аталган уюмдун маалымат кызматынан билдиришти.
Алар Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун чакыруусу менен Кыргызстанга келип, 10-январь күнү өтө турган президенттик шайлоонун жана референдумдун жүрүшүнө мониторинг жүргүзөт.
"7-12-январь күндөрү атайын топ Кыргызстандын аймагында иштейт. Ал эми добуш берүү күнүндө топтун башка мүчөлөрү чет өлкөлөрдөгү добуш берүү участокторунда байкоочулук кылышат. Жалпысынын Кыргызстандагы шайлоого байкоочу болуу үчүн ассамблеянын 52 мүчөсү каттоодон өткөн", — деп айтылат билдирүүдө.Топтун координатору болуп РФ Мамлекеттик думасынын Коргоо боюнча комитетинин төрагасынын биринчи орун басары, байкоочулар миссиясынын өкүлү Виктор Заварзин дайындалды.
Ошондой эле мониторинг жүргүзүү тобунун курамына Парламенттер аралык ассамблеянын Демократияны өнүктүрүү, парламентаризм жана КМШга мүчө өлкөлөрдүн жарандарынын шайлоодогу укуктарын сактоо боюнча эл аралык институтунун өкүлдөрү менен Катчылык кеңешинин өкүлдөрү кирет.
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Коррупция беренеси менен шектелип Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкулов кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге ылайык, ал 15-январь күнү Ош шаарынан кармалып, Бишкек шаарына алып келинген.
Ошондой эле УКМК менен ИИМдин тергөө кызматы биргелешип кылмыштуу топтун мүчөсү Жантай Шаменовду дагы Чүй облусунун аймагынан кармаганы айтылат.Биринчи май райондук сотунун чечими менен депутат Төрөкулов эки айга УКМКнын тергөө абагына камалган. Ал эми Шаменов убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Белгилей кетсек, Дүйшөн Төрөкулов Жогорку Кеңеште "Бир Бол" фракциясынан депутат. Октябрдагы башаламандык учурунда Ош шаардык мэриясын басып алып, өзүн-өзү мэр деп жарыялап эки күн отурган.
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Казакстандын премьер-министри болуп кайрадан Аскар Мамин дайындалды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.
Президент Касым-Жомарт Токаев Маминди өкмөт башчылыкка дайындоо боюнча жарлыкка кол койду.
Коңшу өлкөнүн мыйзамына ылайык, парламенттик шайлоодон кийин министрлер кабинети отставкага кеткен. Казакстандыктар 10-январь күнү жаңы депутаттарды шайлашкан. Анын жыйынтыгы менен Nur Otan, "Ак Жол" жана Казакстан Элдик партиясы жеңүүчү болгон.
Добуш бербей койгон депутаттардын бардыгы "Ак Жол" менен Казакстан Элдик партиясы болду. Маминди Nur Otan партиясынын 78 өкүлү колдоп берген. Мажилисте ушул үч партиянын гана депутаттары бар.
Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев буга чейин Nur Otan фракциясындагы партиялаштарына кайрылып, эгер мамлекет башчысы талапкерлигин сунуштаса, Маминди колдоп коюуга чакырган.
Аскар Мамин 2019-жылдын февраль айында Казакстандын премьер-министри болуп дайындалган.
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Ак-Талаа районунун Баетов айыл аймагынын администрациясына тапанча көтөрүп кирип айыл өкмөт башчыны коркуткан киши кармалды. Бул туурасында Нарын облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.
Милицияга 12-январь күнү саат 16:30дар чамасында колуна тапанча кармаган белгисиз мас киши келип ызы-чуу салып жатканы тууралуу маалымат түшкөн.
Ыкчам-тергөө тобу барганда 41 жаштагы А.Е. аттуу жергиликтүү тургун газ-пневматикалык тапанчаны эч кандай тийиштүү документи жок көтөрүп жүргөнү аныкталган.
“Мас абалында келген киши коомдук тартипти бузуп, мамлекеттик администрациянын жетекчисинин кабинетине кирип куралы менен чапкан. Денесине зыян келтирип, сөгүнүп, сабап саларын айтып коркуткан. Ошол учурда ал кармалып, 14-январда Ак-Талаа райондук сотунда баш коргоо чарасы тандалып, эки айга камалды”, — деп айтылат маалыматта.
Бул факты боюнча Ак-Талаа РИИБи тарабынан Жазык кодексинин 266-беренеси ("Бейбаштык") менен сотко чейинки өндүрүш ачылган.
Азыркы тапта тергөө иштери жүрүп жатат, тийиштүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.