БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкер Садыр Жапаровго эскертүү берүү сунушун четке какты. Бул тууралуу БШК мүчөлөрүнүн жыйынында чечим кабыл алынды.
Белгилей кетсек, БШКнын үгүт иштерин көзөмөлдөгөн жумушчу тобу Жапаровдун Каракол шаарындагы эл менен жолугушуусундагы театрлаштырылган көрсөтмө боюнча талапкерге расмий эскертүү берүүнү сунуштаган.Жыйында Жапаровго эскертүү берүүгө БШКнын беш мүчөсү макул болуп, калганы каршы добуш бергендиктен сунуш өтпөй калды.
Анын ордуна театрлаштырылган көрсөтмөнүн уюштуруучусун Тартип бузуу кодексине ылайык жоопко тартуу маселесин карап көрүүнү БШКнын тиешелүү өкүлүнө сунуш кылыш керек деген чечимди колдошту.
Буга чейин соцтармактарга Жети акенин кийимин кийген актёрлор Садыр Жапаровго бата берди делген сүрөт тараган.
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары вице-спикерди шайлап жатат.
Төраганын орун басары кызматына оппозициялык фракциялардын квотасы менен көрсөтүлөт. "Ата Мекен" фракциясы Нурбек Сыдыгалиевди, "Өнүгүү – Прогресс" фракциясы Уланбек Исмаиловдун талапкерлигин сунуштады.
Мурдагы вице-спикер Мирлан Бакиров белгисиз себептерден улам өткөн жылдын 23-декабрында кызматын тапшырып кеткен.
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабын кайрадан Коргоо министрлиги деп өзгөртүү маселеси каралып жатат. Бул тууралуу маалыматты Генштабдын маалымат кызматы тастыктады.
Мекеменин Facebook баракчасында "Жарандар министрликти түзүүгө кандай карайт?" деген сурамжылоо жүргүзүлгөн. Анда элдин көбү бул идеяны колдогон.
"Өлкөгө жаңы жетекчинин келиши менен эски системага кайтуу планы бар. Тагыраагы, мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн", — деп белгилеген Генералдык штаб.
Эске салсак, Куралдуу күчтөр Генералдык штабга 2014-жылы бириккен.
2018-жылы Жогорку Кеңеште Коргоо министрлигин кайтаруу маселеси көтөрүлгөн. Анда депутат Алмамбет Шыкмаматов Генштабдын генералдары чет мамлекеттерде таанылбай жатканын, анткени мындай орган сыртта анча маанилүү мекеме эместигин белгилеген.