КТРКдагы дебат. БШК талапкерлерге каршылашын каралабоо тууралуу эскертүү берди

© Фото / пресс-служба КТРККТРКнын имараты. Архив
КТРКнын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президенттикке ат салышып жаткан айрым талапкерлер БШК менен КТРКнын эскертүүсүн жаңы эреже деп аташкан.
БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. КТРКда өтүп жаткан дебаттын экинчи турунда Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкерлерге башка талапкерлерди каралабоону эскерткени маалым болду.
Анда дебаттын алып баруучусу, Коомдук биринчи каналга БШКдан аталган мекеменин төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов кол койгон расмий эскертүү келгенин билдирген.
Анын айтымында, биринчи турдан кийин БШК талапкерлерге төмөнкү иш-аракеттерди дебат учурунда жасабоону эскерткен:
  • Дебаттын жүрүшүндө кайсы бир талапкердин дарегине, ага каршы добуш берүүгө чакырыктарды таратууга;
  • Тигил же бул талапкер шайланган учурда терс натыйжаларды сыпаттаган билдирүүлөрдү айтууга;
  • Кайсы бир талапкер боюнча терс пикирлер менен коштолгон маалыматтарды таратууга;
  • Талапкерге карата шайлоочуларда терс мамилени жаратууга көмөктөшүүчү маалыматтарды таратууга.
Добуш берип жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Талапкер президент болуп шайланышы үчүн канча добуш алуусу керек
Бүгүнкү дебатка катышып жаткан талапкерлер бул эскертүүнү сынга алып, БШКнын расмий эскертүүсүн көрсөтүүнү алып баруучудан талап кылышкан. Айрым талапкерлер БШК менен КТРКнын мындай иш-аракетин жаңы эреже деп аташкан.
Эске салсак, бүгүнкү дебатка Адахан Мадумаров, Канатбек Исаев, Курсан Асанов, Эльдар Абакиров жана Аймен Касенов катышууда. Алтынчы талапкер Садыр Жапаров аймактарда үгүт иштери менен жүргөндүктөн, дебаттан баш тарткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0