БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Транспорт жана жолдор министрлигинин статс-катчысы Эрмек Мамыркалиев кармалды. Маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигине Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматындагы ишенимдүү маалымат булагы билдирди.
Ал Мамыркалиев коррупцияга шектелип жатканын айтып, толук маалымат бир аздан кийин берилерин убада кылды.
2020-жылы Финансы полициясы Транспорт жана жолдор министрлигиндеги коррупциялык схеманын бетин ачкан. Анын алкагында министрликтин 12 кызматкери кармалган.
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Кыргызстанга Жаныш Бакиевдин жубайы Орозгүл Токторбаева учуп келди. Бул тууралуу ишенимдүү маалымат булагы Sputnik агенттигине билдирди.
Анын айтымында, Токторбаева өлкөгө кечээ, 26-январда, башка фамилия менен кирген.
Жаныш Бакиев — 2010-жылы апрель айында өлкөдөн куулган президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы. Агасы президент болуп турган мезгилде Мамлекеттик күзөт кызматын жетектеген. Кийин алар Бералустан саясий башпаанек алышкан. Учурда Минск шаарында жашары айтылат.
Ал 2010-жылдын 7-апрелиндеги бир нече адам өмүрүн алган каргашалуу окуяга жана башка оор кылмыштарга күнөөлөнүп, Аскердик сот тарабынан сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган. 2016-жылдын июль айында Жогорку сот 7-апрель боюнча акыркы чечимин чыгарган. Анда сот коллегиясы Аскердик соттун өкүмүн күчүндө калтырган болчу.
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары вице-спикерди шайлап жатат.
Төраганын орун басары кызматына оппозициялык фракциялардын квотасы менен көрсөтүлөт. "Ата Мекен" фракциясы Нурбек Сыдыгалиевди, "Өнүгүү – Прогресс" фракциясы Уланбек Исмаиловдун талапкерлигин сунуштады.
Мурдагы вице-спикер Мирлан Бакиров белгисиз себептерден улам өткөн жылдын 23-декабрында кызматын тапшырып кеткен.
Кичинекей актер Назирет Дубашев жана камчы менен "байбичесин" урган СССРдин эл артисти Муратбек Рыскуловдун, башын колу менен калкалап жерде жаткан Кыргыз ССРинин эл артисти Алиман Жангорозованын сүрөтү 1966-жылы Суусамыр жайлоосунда тартылган.
Ленинграддагы Киноинженерлер институтунун электротехникалык факультетин бүтүп жаткан жаш режиссер Төлөмүш Океев 1965-жылы дипломдук иши катары "Бакайдын жайыты" тасмасы боюнча иштеп, тартуу иштерин баштаган.
Кинофильмде кичинекей Калыктын образын жараткан Назирет Дубашев ошол учурду мындайча эскерет:
"Кинодо бир нерсени жасалмалоого аракет кылынса шак эле көрүнүп калат. Жылкычы Бакай байбичесин сабап жаткан эпизодду тартуу алдында Алиман эненин чапанынын астына коргоочу каражаттар салынып, Муратбек атанын колуна кайыш эмес, башына жип байланган камчы берилген. Анан ошону менен актрисаны чын эле камчылап, мени боз үйдүн ичине кирип кеткенче түрткөн. Аны биз үч-төрт дубль менен тартканбыз. Андан сырткары, менин аксакалды укурук менен чапкан жерим бар. Режиссер Төлөмүш Океев "ча-а-ап" деп кыйкырат, мен атамдай болгон чоң кишиге кол көтөрө албай, колум барбай койгом. Ошондо Алиман Жангорозова "берчи, мен өзүмдүн өчүмдү алып алайынчы" деп таяк менен бир чапкан. Ал кадрды монтажда мен кылгандай кылып оңдошкон. Эки залкарды атам менен энемдей, алар мени өз баласындай көрүшчү. Негизи андай улуу инсандар менен иштешүү аябай жеңил болчу, боз үйдө чогуу 15 күндөй жашап да калдык. Убагында алар менен бир киного тартылып калганым үчүн сыймыктанам", — деди Дубашев.
"Бакайдын жайыты" 1965-1966-жылдары Суусамыр жайлоосунда тартылып, жылкычы Бакайдын образын Муратбек Рыскулов, Урум апаны ролун Алиман Жангорозова аткарган.
Кинокартина көрсөтүлгөндө чет элдик сынчылар жогору баалап, жаш Океевге бүткүл союздук жана дүйнөлүк атак-даңк алып келген. Мисалы, Италиянын Триест, Германиянын Франкфурт-на-Майне шаарында, Ленинград жана Душанбедеги эл аралык фестивалдарда абройлуу сыйлыктарга татып, советтик 100 мыкты кинонун катарына кирген.Аталган эмгектеги сейрек ирмемдерди Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан көрүүгө болот.