Бүгүн шайлоо участогуна бара албаган 21 миң жаран добуш берет

Жазылуу
БШКнын кызматкерлери шайлоодон бир күн мурун арыз менен кайрылган адамдардын жайгашкан жерине барып добуш бердиртет.
БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Бүгүн шайлоо участогуна келүүгө мүмкүнчүлүгү жок жарандар үчүн добуш берүү башталды.
БШКнын берген маалыматына ылайык, бул категорияга кирген кыргызстандыктардын саны 21 360ты түзөт.
Эрежеге ылайык, саламаттыгы начар жана майыптыгы бар жарандар, ооруканада жаткан бейтаптар, абакта отургандар, бийик тоолуу аймакта мал кармап убактылуу жашап жаткандар БШКга арыз менен кайрылат. Андан соң атайын кызматкерлер шайлоодон бир күн мурун алардын жайгашкан жерине барып добуш бердиртет.
Жарандардын митинги. Архив - Sputnik Кыргызстан
УКМК революция уюштурууну талкуулады делген саясатчынын аудиосун текшерет
Мындан сырткары, калктуу конуштан алыс жакта кызмат өтөп жүргөн аскерлер, добуш берүү күнү иштей турган ички иштер органдарынын кызматкерлери да бар.
Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 10-январда өтөт, ажолукка 17 талапкер ат салышууда. Ага кошуп мамлекеттин башкаруу формасын тандоо үчүн референдум болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0