Президенттин милдетин аткаруучу, ЖК төрагасы Талант Мамытов добуш берүү учурунда

Талант Мамытов кантип добуш берди. Сүрөттөр

122
(жаңыланган 11:38 10.01.2021)
Мамлекет башчынын милдетин аткаруучу Бишкектеги "Белек" маданий-оюн-зоок борборунун имаратындагы № 1053 шайлоо участогунда добуш берди.

БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Президенттин милдетин аткаруучу, ЖК төрагасы Талант Мамытов өлкө башчыны мөөнөтүнөн мурда шайлоодо жана өлкөнүн башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумда добуш берди. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.

  • Президенттин милдетин аткаруучу, ЖК төрагасы Талант Мамытов өлкө башчыны мөөнөтүнөн мурда шайлоодо жана өлкөнүн башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумда добуш берди
    Президенттин милдетин аткаруучу, ЖК төрагасы Талант Мамытов өлкө башчыны мөөнөтүнөн мурда шайлоодо жана өлкөнүн башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумда добуш берди
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Мамытов Бишкектеги Белек маданий-оюн-зоок борборунун имаратындагы № 1053 шайлоо участогунда добуш берген
    Мамытов Бишкектеги "Белек" маданий-оюн-зоок борборунун имаратындагы № 1053 шайлоо участогунда добуш берген
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Өлкөдө президенттик шайлоо жана башкаруу формасын аныктаган референдумга добуш берүүгө 3,5 миллиондон ашык киши катталган. Кыргызстанда жалпы жонунан 2 474, ал эми чет өлкөдө 48 шайлоо участкасы ачылды
    Өлкөдө президенттик шайлоо жана башкаруу формасын аныктаган референдумга добуш берүүгө 3,5 миллиондон ашык киши катталган. Кыргызстанда жалпы жонунан 2 474, ал эми чет өлкөдө 48 шайлоо участкасы ачылды
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 3
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Президенттин милдетин аткаруучу, ЖК төрагасы Талант Мамытов өлкө башчыны мөөнөтүнөн мурда шайлоодо жана өлкөнүн башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумда добуш берди

Мамытов Бишкектеги "Белек" маданий-оюн-зоок борборунун имаратындагы № 1053 шайлоо участогунда добуш берген.

Өлкөдө президенттик шайлоо жана башкаруу формасын аныктаган референдумга добуш берүүгө 3,5 миллиондон ашык киши катталган. Кыргызстанда жалпы жонунан 2 474, ал эми чет өлкөлөрдө 48 шайлоо участкасы ачылды.

Шайлоо кандай өтүп жатканын Sputnik жүргүзүп жаткан тексттик трансляциядан окуп-билүүгө болот.

122
Белгилер:
Сүрөт, добуш, шайлоо, президент, Талант Мамытов, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандагы президенттик шайлоо – 2021 (189)
Тема боюнча
Кыргызстанда 18 миңден ашуун киши мөөнөтүнөн мурун добуш берди
Карл Винсон авианосец баштаган АКШ флоту. Архивдик сүрөт

"Райондор ачыкталды": АКШнын аскердик флоту куралын кайда мээлеп турат?

74
(жаңыланган 10:00 19.01.2021)
"Ооздуктоо жана жеңүү" — АКШнын Аскердик-деңиз күчтөрүнүн штаб жетекчиси адмирал Майкл Гилдей жакынкы он жылдыкка карата "Навигациялык план" менен тааныштырды.

Глобалдык көзөмөлдүн максаты — америкалыктардын мекенинде жай жана ток жашоосу. Бирок документтин текстинде бөлөк өлкөлөргө каршы ачык агрессия так байкалат. Вашингтондук адмиралдардын көздөгөнү эмне? Жаңы жарыяланган документти Николай Протопопов талдап чыккан. 

Дүйнөлүк атаандаштар

Жаңы пландын авторлору баса белгилегендей, америкалык флот АКШ жарандарынын коопсуздугу жана турмушуна коркунуч туудурган узак мөөнөттүү атаандаштыкка тартылды. Аскердик-деңиз күчтөрүнүн командачылыгы бир мүнөттү да текке кетирбөөгө тийиш: жаңы аяк баскан он жылдыкта гана тургай, XXI кылым бою күчтөрдүн тең салмактуулугун сактоо үчүн кызуу аракетте болуу абзел. Глобалдык тынчтыктын (тынч абалдын) негизги атаандаштары жана ага "бүлүк салгандар" — Россия жана Кытай.

Америкалык адмиралдардын пикиринде, бул мамлекеттер узак убакыт бою бүт дүйнөгө пайда алып келип турган деңиздеги эркиндикке бүлгүн салууда. Москва жана Пекин территориалдык суулардын чегинен тыш баалуу деңиз ресурстарына чыгууну "адилетсиз көзөмөлдөөгө" тырышып, "өз талаптарын күч менен таңуулап коңшуларды чочулатууда", "эң маанилүү суу жолдорун ыраакка атылуучу ракеталар менен мээлеп турат".

Россия заманбап ракеталык кемелерди, суу түбүндөгү кайыктарды, гипер үндүү ракеталарды, тактикалык өзөктүк куралдарды иштеп чыгып жатканын америкалыктардын дегеле кыртышы сүйбөйт.

Пентагондогулар россиялык флот бүт дүйнө боюнча активдүүлүгүн күчөтүп, Кошмо Штаттардын жээктерине улам жакындай күчтөрүн жайгаштырып жатканын белгилешет. Ошондуктан "Россияны ынанымдуу көзөмөлдөө зарыл" имиш.

Өтө тездик менен өнүгүп келе жаткан кытайлык флот да тынчсыздануу жаратат. Америкалык талдоочулардын пикиринде, бул – дагы дүйнөдөгү ири флот. Пекин Вашингтонго жана анын союздаштарына чакырык таштап жаткандай, ошондой эле эң курч жана узак мөөнөттүү коркунучка айланууда. Ошол эле учурда АКШ — деңиз державасы экени жана анын өркүндөшү, коопсуздугу деңиздеги артыкчылыгын сактоо жөндөмүнө жараша болору белгиленет. Ал үчүн өз аскердик-деңиз күчүн (АДК) "Дүйнөлүк океандын булуң-бурчуна" жайылтууга тийиш.

Америкалыктар эл аралык укук жол берген бардык жерде сүзүүнү, учууну, ошондой эле дүйнөнүн ар кыл аймактарында "атаандаштарынын деңиз жаатындагы амбициясын" ооздуктоо жана алардын аскердик мүмкүнчүлүктөрүн зыянсыздандыруу үчүн күчтөрүн жайгаштырууну уланта бермекчи.

Флотту чыңдоо

Баллистикалык ракеталуу суу түбүндөгү атомдук кайыктар "АКШны өзөктүк кол салуудан коргоодо". Ал эми атайын операциялардын күчтөрү "эң күчтүү душмандын да шаштысын кетирүүгө даяр". Адмиралдар АДК жердеги күчтөргө колдоо көрсөтүү үчүн каалаган жээгине десантты жеткире алат.

Аскердик-деңиз күчтөрү агрессияны ооздуктоо үчүн тийиштүү бардык, анын ичинде "адаттан тыш" каражаттарга да ээлик кылат. Атап айтканда, мында кеп маалыматтык, кибернетикалык технологиялар жана деңизден, суу түбүнөн жана абадан чабуул жасоого мүмкүндүк берчү куралдар жөнүндө болууда.

Жакынкы жылдары деңиздеги заманбап тиреште маанилүү ролду АКШ жасалма интеллектке табыштайт. Мындай системалар согушта майнаптуулугун жана артыкчылыгын айгинелей алышты. Ошондуктан флот массалык пайдалануу менен заманбапташтырылмакчы.

Учкучсуз деңиз платформалары да "өтө маанилүү". Алар чалгындоодо, байкоо салууда флоттун чабуул коюучу мүмкүнчүлүктөрүн арттырат. Аскердик-деңиз күчтөрүнүн ички курамы он жылдыктын соңунда роботтоштурулган аппараттар менен тыгыз байланышта ишенимдүү жана шайкештикте иш алып барууга тийиш.

АКШнын Аскердик-деңиз күчтөрүнүн командачылыгы коюлган пландарынын баарын жүзөгө ашыруу үчүн флот чыңдап жана кеңейтүү керек. Жогорку чабуул коюучу мүмкүнчүлүктөрү бар суу түбүндөгү атомдук кайыктар жана суудагы кемелер көбүрөөк талап кылынат. Анан да жаңы кемелер "Созвездие" классындагы келечектүү фрегаттар сымал чакан болуусу абзел.

Пентагон авиаташуучуларды да эсептен чыгарбайт. Мурдагыдай эле ал – Аскердик-деңиз күчтөрүнүн сыймыгы, күчтү көрсөтүүнүн негизги инструменти. Флоттун суу түбүндөгү күчтөрүнүн да өзгөчө мааниси белгиленет. Мында "Колумбия" классындагы атомдук стратегиялык субмариналарга, ошондой эле көп буталуу "Виржиния" суу түбүндөгү кайыктарга артыкчылык берилет.

Санарип жана лазерлер

Аскердик-деңиз күчтөрүнүн командачылыгы бир техника менен гана чектеле албайт. Ички курамды да кылдат окутуп, анын ичинде душмандын жүрүм-турумунун чоо-жайын жакшы түшүнүүнү үйрөтүү зарыл.

Адмиралдардын айтымында, "моряктар тек гана байкоо салып жана коркунучтарга ыкчам чара көрүп гана тим болбостон, каршылаш тараптардын аракеттерин ички туюм менен аныктай алууга тийиш. Буга тигил же бул өлкөнүн жарандарынын менталитетинин өзгөчөлүктөрүн терең билиши көмөкчү болот".

"Алдыдагы болжолдуу жаңжалдардын" сценарийлерине дүйнө жүзү боюнча – Ыраакы Түндүктөн Тынч океандын батыш бөлүгүндө дейре аймактарда машыгышат. Маселен, быйыл АКШ АДК десанттык операциялар менен бир нече авиаташуучу топтун ири масштабдуу машыгууларын өткөрмөкчү. Ага алгач ирет чалгындоочу жаңы куралдарды жана маалыматтык ресурстарды колдонуучу чакан тактикалык кибер-топтор катышат. Адмирал Гилдей бул машыгуулар "соңку тарыхта болуп көрбөгөндөй" масштабда өтөрүн жар салган.

Маалыматтык жана санарип технологиялар АКШнын аскердик-деңиз күчтөрүнүн чордонунда. Аларсыз эми согуштук аракеттер мүмкүн эмес. Санарип баарын чечет, деңиз жана кургактагы согушту ыкчам жана майнаптуу жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

Аскердик-деңиз күчтөрүндөгүлөр боолгологондой, "АКШнын душмандары флоттун коргонуусун ири сандагы ракеталар менен алсыратууну болжошот". Ошондуктан Пентагон суу түбүндөгү кайык жана деңиз учкучсуздарын табуучу көптөгөн стационардык жана мобилдик системаларды ишке аралаштырат, учак жана кемелердин коргонуусун күчөтөт. Ошону менен бирге эле жакынкы согушта кадимки куралдар менен катар эле энергетикалык куралды да пайдаланууну пландайт.

74
Белгилер:
армия, Аскерлер, курал-жарак, документ, Кытай, Россия, АКШ
Тема боюнча
АКШ F-35тин сериялык өндүрүшүн дагы жылдырды. Буга эмне себеп?
Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров

Сергей Лавровдун маалымат жыйыны өттү. Козголгон маселелер

165
(жаңыланган 20:35 18.01.2021)
Тышкы иштер министринин жыл сайын уюштурчу маалымат жыйыны бул сапар үч саатка созулду. Урунттуу учурларын сунуштайбыз.

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун жыл сайын болуп турчу чоң маалымат жыйыны болуп өттү.

Журналисттер менен жолугушуу пандемияга байланыштуу онлайн-форматта өттү. Лавров бардык өлкөлөрдүн журналисттеринин суроолоруна үч саат бою жооп берди. Анын урунттуу учурларын тезис түрүндө сунуштайбыз.

  • Россиянын ТИМи бийлик басым жасап жаткан Латвиядагы Sputnik жана Baltnews агенттиктеринин журналисттерине колдоо көрсөтүүдө. Министрлик эл аралык уюмдардан чара көрүүнү талап кыла бермекчи. Ошондой эле юристтер менен Мекендештердин укугун коргоо фонду ишке киришет;
  • АКШнын тышкы саясатынын маани-маңызы жаңы администрациянын келиши менен өзгөрүп кетпейт. Мындан ары дагы "америкалык жашоо түшүнүгүн" таңуулоо улана бермекчи. АКШ Россия — Кытай мамилесин суутууга аракет жасайт;
  • АКШ бийлиги интернетти көзөмөлгө алууну ойлонууда. Ошондуктан америкалык коомчулук тармактын эркиндигин талашышы керек. Дональд Трамптын соцтармактан четтеп калышына комментарий берген Лавров АКШ Адам укуктары жөнүндөгү конвенцияга кол койгонун эскертти. Ага ылайык, ар бир адам жашаган жерине карабастан маалыматка ээ боло алат. Ошондуктан Facebook, Twitter же YouTube тармактарынын милдеттенмеси жок деп айтууга болбойт. Милдет мамлекеттин мойнунда, ал бул укукту бардык жарандарга камсыздашы керек;
  • АКШ пандемияны басым жасоого, шантаж кылууга, ультиматум коюуга колдонду. Ошондой эле башка мамлекеттердин ички ишине кийлигишүү үчүн бир тараптуу чектөөлөрдү коюп жатты. Мисалга Беларусту алсак болот. Батыш БУУнун пандемия учурунда медикаменттерди жеткирүүдө коюлган санкцияларды токтотуп туруу чакырыгын тоготпой койду;
  • Тоолуу Карабахтын статусу Азербайжан, Армения жана Россиянын үч тараптуу келишиминде көрсөтүлгөн эмес. Тоолуу Карабахты курамына киргизип алуу Россиянын оюнда дагы жок.
165
Белгилер:
басым, интернет, Россия, АКШ, Сергей Лавров
Тема боюнча
Тоолуу Карабах: Путин, Алиев жана Пашиняндын сүйлөшүүсү дээрлик 4 саатка созулду
Лавров РФ башка өлкөлөрдүн ички ишине кийлигишүүдө деген кинеге жооп берди
Аялдамада маршрутканы күткөн жүргүнчүлөр. Архивдик сүрөт

Бишкек милициясы иш таштаган маршрутка айдоочуларына кайрылды

0
(жаңыланган 12:31 19.01.2021)
Укук коргоо органдары мыйзам бузуу фактылары боюнча маалымат бергендерге анонимдүүлүк кепилдиги бар деп ишендирди.

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Бишкек шаардык милициясы кичи автобустардын айдоочуларын чагымчылдыкка алдырбай, мыйзам бузууларды укук коргоо органдарына билдирүүгө чакырды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, учурда шаарда абал туруктуу. Коомдук транспорт катышкан кырсыктар сутка ичинде катталган эмес.

"Бишкектин милициясы калаа тургундарынын жана конокторунун коопсуздугун камсыздап, коомдук тартипти көзөмөлгө алат. Кечээ айрым маршруттук унаалардын айдоочулары жумушка чыккан жок. Бирок көпчүлүгү графиктин негизинде иштеп, элди ташыды", — деп айтылат билдирүүдө.

Милиция жарандарды бул окуяга байланышкан мыйзам бузуулар боюнча 102 номерине билдирүүгө чакырып, анонимдүүлүккө кепилдик болорун убада кылды.

Эске салсак, маршруткалардын айдоочулары 18-январда жол кирени жогорулатуу талабы менен нааразычылык акциясын өткөрүүнү убада кылышкан. Мэрия өз кезегинде акцияны уюштурган тараптарды лицензиясынан ажыратарын айткан. Милиция да мыйзам бузуулар катталса, чара көрүлөрүн эскерткен.

Муниципалитеттен билдиргендей, кечээ эртең менен баш калаадагы 1 350 кичи автобустан болгону 400-500ү гана жумушка чыккан. Шаардык транспорт башкармалыгы күндүз маршруттук линиялардын 90 пайызы штаттык режимде иштеп жатканын билдирген. Кечинде аялдамада транспорт күткөндөр көбөйгөн. Шаардык транспорт башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Улан Бейшенбаев маршруткаларга байланышкан маселе турукташканын, маселе жол тыгындарында болушу мүмкүн экенин айткан.

0
Белгилер:
эскертүү, милиция, акция, иш таштоо, маршрутка, коомдук транспорт, Бишкек
Тема боюнча
Маршрутка көйгөйү: Милиция аялдамадагы аялдарды, балдарды үйүнө ташыды. Видео
Бишкектеги аялдамаларда маршрутка күткөн эл адаттагыдан көппү? Сүрөт, видео