Президенттик шайлоо жана референдумда добуш берип жаткан адамдар

Админресурс колдонуу боюнча даттануу түштүбү? БШКнын жообу

98
(жаңыланган 12:55 10.01.2021)
Ысык-Көл облусундагы шайлоочуларды массалык түрдө ташуу фактысы азырынча тактала электиги, учурда териштирилип жатканы айтылды.

БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Бүгүн шайлоо участкалары ачылгандан бери 11 даттануу түштү. Бул туурасында БШКнын мүчөсү Тынчтык Шайназаров саат 12:00гө карата берген маалыматында билдирди.

Ал даттануулардын баары техникалык мүнөздө экенин айтып, административдик ресурсту колдонуу туурасында арыз түшпөгөнүн белгиледи.

Ал эми Ысык-Көл облусундагы шайлоочуларды массалык түрдө ташуу фактысы боюнча дагы деле териштирилип жатканын билдирди. Ал боюнча саат 14:00дө маалымат берерин айтты.

Президенттик шайлоо жана референдум

Бүгүн эртең менен 2 474, ал эми чет өлкөлөрдө 48 шайлоо участкасы ачылган. Жалпы жонунан 3 563 574 кыргызстандык добуш берүү укугуна ээ.

Мамлекет башчылыкка 17 талапкер ат салышууда, кимиси 50 пайыздан жогору добуш алса жеңүүчү деп аныкталат.

Ал эми башкаруу формасын аныктоо референдумун өттү деп таануу үчүн шайлоочулардын 30 пайызы (1 миллион 69 миң жаран) катышышы керек.

Кыргызстандыктарга экиден бюллетень берилет: президенттикке талапкерлердин ысымы жазылган (ак түстө), экинчисинде башкаруу формасын аныктоо боюнча (көк түстө).

Шайлоо участкалары саат 8:00дө ачылып, 20:00дө жабылат.

Кыргызстандын аймагында шайлоо кандай өтүп жатканын Sputnik даярдаган тексттик трансляциядан окуп-билүүгө болот.

98
Белгилер:
эреже, даттануу, шайлоо
Тема:
Кыргызстандагы президенттик шайлоо – 2021 (188)
Тема боюнча
Президенттик шайлоодо жана референдумда добуш берүү боюнча инструкция
Сооронбай Жээнбеков президенттик башкарууну тандаганын айтты. Видео
Коррупция беренеси менен шектелип Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкулов кармалды

УКМК депутат Дүйшөн Төрөкуловду желкелеген бойдон кармап кетти. Сүрөт

109
(жаңыланган 10:23 16.01.2021)
Биринчи май райондук сотунун чечими менен депутат Төрөкулов эки айга УКМКнын тергөө абагына камалган.

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Коррупция беренеси менен шектелип Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкулов кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

  • ГКНБ задержал депутата Жогорку Кенеша от фракции Бир Бол Дуйшона Торокулова
    Коррупция беренеси менен шектелип Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкулов кармалды
    © Фото / пресс-служба ГКНБ
  • ГКНБ задержал депутата Жогорку Кенеша от фракции Бир Бол Дуйшона Торокулова
    Билдирмеге ылайык, ал 15-январь күнү Ош шаарынан кармалып, Бишкек шаарына алып келинген.
    © Фото / пресс-служба ГКНБ
1 / 2
© Фото / пресс-служба ГКНБ
Коррупция беренеси менен шектелип Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкулов кармалды

Билдирмеге ылайык, ал 15-январь күнү Ош шаарынан кармалып, Бишкек шаарына алып келинген.

Ошондой эле УКМК менен ИИМдин тергөө кызматы биргелешип кылмыштуу топтун мүчөсү Жантай Шаменовду дагы Чүй облусунун аймагынан кармаганы айтылат.

Биринчи май райондук сотунун чечими менен депутат Төрөкулов эки айга УКМКнын тергөө абагына камалган. Ал эми Шаменов убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Белгилей кетсек, Дүйшөн Төрөкулов Жогорку Кеңеште "Бир Бол" фракциясынан депутат. Октябрдагы башаламандык учурунда Ош шаардык мэриясын басып алып, өзүн-өзү мэр деп жарыялап эки күн отурган.

109
Белгилер:
кармоо, УКМК, шайлоо, депутат, Дүйшөн Төрөкулов
Тема боюнча
Автомат такап, баса калып... Спецназ кримтөбөл "Алтуханы" кармаган видео
Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин. Архивдик сүрөт

Аскар Мамин кайрадан Казакстандын премьер-министри болду

112
(жаңыланган 18:53 15.01.2021)
Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев буга чейин Nur Otan фракциясындагы партиялаштарына кайрылып, эгер мамлекет башчысы талапкерлигин сунуштаса, Маминди колдоп коюуга чакырган.

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Казакстандын премьер-министри болуп кайрадан Аскар Мамин дайындалды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.

Президент Касым-Жомарт Токаев Маминди өкмөт башчылыкка дайындоо боюнча жарлыкка кол койду.

Коңшу өлкөнүн мыйзамына ылайык, парламенттик шайлоодон кийин министрлер кабинети отставкага кеткен. Казакстандыктар 10-январь күнү жаңы депутаттарды шайлашкан. Анын жыйынтыгы менен Nur Otan, "Ак Жол" жана Казакстан Элдик партиясы жеңүүчү болгон.

Казахстандык шахматчы кыз Жансая Абдумалик
© Фото / пресс-служба "Казахстанской федерация шахмат"
Токаев премьер-министрликке сунуштаган Маминдин талапкерлигин жаңы депутаттар колдоп берди. Залда мажилистин 99 депутаты болгон. Мамин үчүн алардын 78и добуш берсе, 21и карманган.

Добуш бербей койгон депутаттардын бардыгы "Ак Жол" менен Казакстан Элдик партиясы болду. Маминди Nur Otan партиясынын 78 өкүлү колдоп берген. Мажилисте ушул үч партиянын гана депутаттары бар.

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев буга чейин Nur Otan фракциясындагы партиялаштарына кайрылып, эгер мамлекет башчысы талапкерлигин сунуштаса, Маминди колдоп коюуга чакырган.

Аскар Мамин 2019-жылдын февраль айында Казакстандын премьер-министри болуп дайындалган.

112
Белгилер:
Аскар Мамин, мажилис, премьер-министр, Казакстан
Тема боюнча
Казакстандын өкмөтү отставкага кетти
Мамдума төрагасы: АКШ шайлоо өткөрүүнү Кыргызстан менен Казакстандан үйрөнсө болот
Белгилүү режиссёр, КР эл артисти Артыкбай Сүйүндүков. Архив

Кыргызстандык режиссёр Индиядагы кинофестивалда мыкты аталды

0
(жаңыланган 11:27 16.01.2021)
Фестивалдын алкагында өткөн сынакка Кыргызстандын атынан Сүйүндүковдун "Шамбала" тасмасы катышкан. Жыйынтыгында кыргызстандык режиссёр мыкты деп табылды.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Белгилүү режиссёр, КР эл артисти Артыкбай Сүйүндүков XXVI Калькутта эл аралык кинофестивалында (Индия) "Мыкты режиссёр" наамына ээ болду. Бул тууралуу "Кыргызфильм" маалымдады.

1995-жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан кинофестиваль адатта 10-17-ноябрь күндөрү болчу. Бирок пандемияга байланыштуу ал январга жылдырылып, бул ирет онлайын форматта өткөрүлдү.

Фестивалдын алкагында өткөн сынакка Кыргызстандын атынан Сүйүндүковдун "Шамбала" тасмасы катышкан. Жыйынтыгында кыргызстандык режиссёр мыкты деп табылды.

Толук метраждуу "Шамбала" тасмасы Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" повестинин негизинде тартылган. Буга чейин россиялык "Киношок" фестивалында эки сыйлыкка татыган.

0
Белгилер:
Артыкпай Сүйүндүков, сыйлык, Индия, Кыргызстан
Тема боюнча
Сүйүндүковдун "Шамбала" тасмасы Россияда эки сыйлыкка татыды
Сүйүндүков: "Шамбала" — 40 жылдан бери пландап келе жаткан тасмам