Байкоочу: Кыргызстандагы автоматтык добуш санаган системага Россия суктанууда

Жазылуу
Волков шайлоого көз салуу үчүн КМШ Миссиясынан 138 делегат келгенин, алар Кыргызстандын бардык аймактарына бөлүштүрүлгөнүн айткан.
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. КМШ мамлекеттеринин Миссиясынын жетекчиси Василий Волков Кыргызстандагы президенттик шайлоонун башталышында эл аралык байкоочулар кандай таасир алганын айтып берди. Бул тууралуу БШКнын сайтына жарыяланды.
Волков Кыргызстандагы добуштарды автоматтык түрдө санаган системага Россия көз артып жатканын билдирген.
"Биз, Россиядагылар, керек болсо силердин системага суктанып жатабыз. Добуштарды автоматтык түрдө санаган системаны алдап коюу мүмкүн эмес экен. Эки бюллетень салып жиберүүгө аракет жасалса дагы майнап чыкпайт. Система ашыкча бюллетенди кабыл албай чыгарып салат", — деди Волков.
Ал, ошондой эле, шайлоого көз салуу үчүн КМШ Миссиясынан 138 делегат келгенин, алар Кыргызстандын бардык аймактарына бөлүштүрүлгөнүн айткан.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Новиков: башаламандык болуп кетсе бийлик чара көрүүгө даяр
"Биздин адамдар добуш берүү процесси боюнча маалымат беришти. Кечээ, жымжырттык күнүндө, ден соолугуна байланыштуу шайлоо участогуна келе албаган 20 миңге чукул адам көчмө урна аркылуу добуш беришти. Байкоочулар эч кандай эреже бузулбаганын айтышты. Бүгүн дагы байкоочулардын бардыгы саат 8:00дөн тарта иштеп жатышат. Азырынча бардык аракеттер мыйзамдын алкагында", — деди Волков.
Адис шайлоо участокторунда санитардык-эпидемиологиялык эрежелер так сакталып жатканын кошумчалаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0