БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Экс-президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-январда, президенттик шайлоого жана башкаруу формасын аныктаган референдумга келип добушун берди. Ал журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, президенттик башкаруу формасын тандаганын билдирген.
Анткен менен Жээнбеков өзү президент болуп турган кезде парламентаризмди колдой турганын айтып келген.
2018-жылы Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ОБСЕ) башкы катчысы Томас Гремингер менен жолугуу учурунда Кыргызстандагы 2005 жана 2010-жылдардагы окуялар диктатура менен парламенттик демократиянын кагылышы экенин баса белгилеген.
"Биз парламентаризмди тандап алдык жана бул жолдон тайбайбыз, анткени мамлекеттин келечеги парламенттик демократияга байланыштуу", — деген ал ошол учурда.
"Биз өлкөдө парламентаризмдин өнүгүшү үчүн бардык күчүбүздү жумшайбыз", — деген ал.
Мындан сырткары, Жээнбеков 2017-жылы өткөн инаугурация учурунда парламенттик башкаруу формасын колдой турганын белгилеген эле.
"Мен парламентаризмди колдойм. Президент катары Конституция менен белгиленген милдеттеримди так аткарам", — деп убада берген экс-президент.
Бүгүнкү добуш берүүдөн кийин Жээнбеков өзүнүн чечимине комментарий берген жок. Ал кийинчерээк маалымат берерин гана айткан.
Сооронбай Жээнбеков 2017-жылы президент болуп шайланган. 2020-жылдын октябрь айындагы толкундоолордон кийин отставкага кеткен. Мөөнөтүнөн мурда кызматын тапшырганына карабастан экс-президент статусуна ээ. Декабрь айынын соңунда Сооронбай Жээнбеков өзүнүн атынан фонд түзгөн.
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Жо Байден ант берип АКШнын президенттик кызматына киришти.
"Мен, Жозеф Робинет Байден, салтанаттуу түрдө Америка Кошмо Штаттарынын президенттик кызматын ак ниеттүүлүк менен аткарууга, Конституцияны кайтарууга жана коргоого болгон күчүмдү жумшайм деп ант берем", — деп билдирди.
Эске салсак, 3-ноябрда АКШда президенттик шайлоо өтүп, жыйынтыгында демократ Жо Байден шайлоочулардын 306 добушун алып жеңишке жеткен. Ал эми анын атаандашы АКШнын учурдагы башчысы Дональд Трамп 232 добуш алган. 7-январда добуш берүүнүн жыйынтыгы толугу менен расмий бекитилген.
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. АКШнын жаңы шайланган президенти Жо Байден Кыргызстан кошулган бир катар өлкөлөрдүн жарандарына Кошмо Штаттарга кирүүгө тыюу салууларды жокко чыгарганы жатат. Бул тууралуу анын командасына шилтеме берип РИА Новости маалымдады.
Чектөөлөрдү мурда Дональд Трамптын администрациясы киргизген.
"Байден ал чечимди жокко чыгарып, негизинен мусулмандардан турган жана Африка өлкөлөрүнүн жарандарына АКШга кирүүгө уруксат берет. Ошондой эле Мамлекеттик департаментке аталган өлкөлөрдүн жарандарына виза берүү маселесин жаңылоону тапшырат”, — деп айтылат билдирүүдө.Ошондой эле Байден иммигранттарды АКШдан чыгарылбай, убактылуу жашоого мүмкүндүк берген DACA программасын бекемдөөнү карап жатканы кошумчаланды. Аталган программа ушул тапта депортациядан 700 миң кишини сактап турганы кошумчаланды.
Учурда Мьянма, Иран, Кыргызстан, Ливия, Судан сыяктуу 13 мамлекеттин жарандарына АКШга кирүүгө чектөөлөр коюлган.
Жо Байдендин инаугурациясы 20-январь күнү Вашингтон шаарында өтөт.
Россиялык мушкер казакстандык атаандашы Сергей Морозовду муунтуу ыкмасы менен утуп кетти. Беттеш 2-раундда соңуна чыкты.
Ал беттеш аяктаган соң агасы Хабиб дагы алгачкы жеңишин дал ушундай ыкма менен багындырганын эске салды.
"Мен бактылуумун. Тогуз жыл мурда бул рингге Хабиб кирип, дал мендей болуп утуп чыккан. Анын ыкмасын кайталаганыма кубанычтамын”, — деди ал.
Таймашка секундант катары катышкан Хабиб Нурмагомедов өзү инисиндей болуп экинчи эмес, үчүнчү гана раундда жеңгенин кошумчалады.