БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Президенттик шайлоодо берилген добуштарды электрондук системанын жардамы менен саноонун жыйынтыгында Садыр Жапаров алдыга озуп чыкты.
Саат 20.15те добуштардын 60,52 пайызы эсептелип, Жапаровго элдин 81 пайыздан ашыгы добуш бергени аныкталды.
Бүгүн өлкө боюнча 2 474, ал эми чет мамлекеттерде 48 шайлоо участкасы ачылган. Саат 20.00дө алардын бардыгы жабылды. Жалпы жонунан 3 563 574 кыргызстандык добуш берүү укугуна ээ болгон.
Мамлекет башчылыкка жалпысынан 17 талапкер ат салышты.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Өкмөттүн Жалал-Абал облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Чаткал районунун Терек-Сай айылына барды. Бул туурасында облус жетекчилигинин маалымат кызматы билдирди.
Ал "Эти Бакыр Терек-Сай" ишканасынын алтын ылгоочу эски фабрикасындагы саркынды суу чогулган жайдагы кырсыктын себептерин жеринен көрүп чыккан.
Облус башчысы жагдай боюнча тараптар менен сүйлөшүп, учурда суу жана топуракта зыяндуу заттардын бар же жоктугун аныктоо боюнча лабораториялык иштер жүрүп жатканын айткан.
"Бул багытта атайын комиссия түзүлүп, маселени ар тараптуу калыс иликтөө үчүн жергиликтүү тургундардан да кошулду. Окуянын келип чыгуусуна кайдыгер мамиле жасагандар сөзсүз түрдө мыйзам чегиндеги жоопкерчиликке тартылат. Азыркы учурда кооптуулук жараткан жагдайлар жок. Абалдан чыгуу үчүн тургундардын сабырдуулугу керек. Такталбаган маалыматтардан оолак болуп, мыйзамдан сырт көрүнүштөргө барбоого чакырам. Жашоочулардын ден соолугу биз үчүн да маанилүү", — деди Сыргабаев.
Айыл тургундары кен иштеткен компанияга болгон бир катар нааразычылыктарын айтып, муктаждыкты жоюуда үймө-үй суу жеткирүү жетишсиз болуп жатканын билдиришкен. Өкмөттүн өкүлү бул маселени чечүүгө ишкана толук жоопкерчилик аларын айтып, тийиштүү тапшырмаларды берген.
"Кыргыз алтын" жана Түркиянын "Эти Бакыр" компанияларынын биргелешкен "Эти Бакыр Терек-Сай" ЖЧКсы бул аймакта 2016-жылдан бери иштеп келет.
Терек-Сай айыл аймагында Терек-Сай жана Кызыл-Токой аттуу калк жашаган эки айыл бар. Мында жалпы 5 500 киши жашаары айтылып, эки айылдын эли тең аталган суудан пайдаланышары маалым болду.
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев жаңы шайланган президент Садыр Жапаров менен жолукканын билдирди.
Шаардын социалдык маселелери боюнча жыйында Түлөбаев Жапаров ага томолой жетим балдар үчүн үй жана селсаяктар үчүн борбор курууну тапшырганын айтты.
"Садыр Жапаров томолой жетим балдар үчүн көп кабаттуу эки үйдүн курулушуна каражат табууга убада берди. Курулуш вице-мэр Азамат Сагындык уулунун сунушу менен Учкун кичи районунда (Свердлов району) жана Ленин районундагы жер тилкеде жүрөт деп болжолдонду. Акырындык менен жетим балдарды батир менен камсыздай алабыз деп ойлойм", — деди Түлөбаев.
Ал социалдык бөлүмгө муниципалитетте каттоодо турган жетим балдар тууралуу маалымат берүүнү тапшырганын кошумчалады.
Жапаровдун экинчи тапшырмасы, тагыраагы, селсаяктар үчүн борбордун курулушуна 50 сотых жер аныкталып, ал жай 200 кишиге ылайыкташарын айткан.
Шаардын мэринин милдетин аткаруучу борбордун өзүнүн дарыгерлери болорун, милиция кызматкерлери коопсуздукту камсыз кылып, шаардык бюджеттин эсебинен мончо жана ашкана куруларын кошумчалады. Ал мындай жайды курууда мэрия коомдук фонддордон жардам алууга даяр экендигин да айта кетти.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. "Манас" аэропортунда бүгүн туманга байланыштуу эки каттам кармалып турат. Бул тууралуу аталган аэропорттун маалымат кызматы кабарлады.
Учак жайдын аймагына таң эрте туман түшкөн. Аба ырайындагы абалга байланыштуу айрым каттамдар токтотулуп турат.
Алар: Алматы — Бишкек — Алматы жана Ош — Бишкек авиакаттамдары.
Мекеменин маалымат кызматы каттамдар боюнча маалыматты аэропорттун 0(312)693109 сурап-билүү телефону аркылуу тактап алууну өтүнөт.