БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Биз эски бюрократ саясатчылардан тазаланышыбыз керек. Бул тууралуу Садыр Жапаров журналисттерге берген маалымат жыйын учурунда билдирди.
Президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча, Садыр Жапаров элдин 79,21 пайыз добушун алып, алдыга озуп чыкты. Ал журналисттер үчүн маалымат жыйынын куруп, суроолорго жооп берди.
"6-октябрдагы окуяларда аянтка чыккан эл эски саясатчыларды аянтта люстрация кылабыз дешкен эле. Бирок мен сиздерге люстрацияны мыйзам чегинде жасайм деп айткам. Ошондо макул болгонсуздар. Буюрса, убадамды аткарам. Буга сиздердин жардамыңыздар керек", — деди Жапаров.
Ал ошондой эле өлкөдө реформа жасап, экономиканы кризистен чыгарууга 1-2 жыл жетишсиз экенин кошумчалап кетти.
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Москванын Пушкин атындагы аянтында макулдашылбаган акцияга чыккан адамдар кармала баштады. Бул тууралуу РИА Новостинин кабарчысы жеринен билдирди.
Полиция үн күчөткүч менен сүйлөп акциянын катышуучуларына социалдык дистанцияны сактоону, бет кап, кол кап тагынууну жана бул макулдашылбаган акция экенин эскерткен. Күч түзүмдөрү плакат көтөрүп чыккан жана жүзүн көрсөтпөй жүргөн адамдарды кармап жатат. Азырынча канча адам кармалганы туурасында так маалымат жок.
Россия ИИМи жана Башкы прокуратура аталган акциянын уюштуруучуларына жана катышуучуларына буга чейин бир нече ирет эскертүү берген. Муну провокация катары баалап, коомдук тартипти бузгандарга дароо чара көрүлөрү айтылган. Аны менен катар Башкы прокуратура мыйзамда тыюу салынган иш-чараларга келүүгө чакырган билдирүүлөрдү социалдык тармактан блоктоп салууну талап кылган.Президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песковдун акцияга белгилүү бир чагымчылдар чакырык таштап жатканын билдирди.
Ошондой эле мектеп окуучулары менен студенттердин акцияга чыгышына бөгөт коюу боюнча ата-энелерге өзгөчө көңүл бурулууда.
Россиянын шаардык бийликтери буга чейин коронавирус боюнча эпидемиологиялык кырдаал оор болгондуктан массалык иш-чараларды өткөрүүдөн баш тартып келген.
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. АКШ сенаты Пентагон башчылыгына Ллойд Остиндин талапкерлигин бекиткенин РИА Новости жазды.
Анын талапкерлигине 93 сенатор "макул" болсо, экөө "каршы" добуш берген.
Жарандык коргонуу министри кызмат ордуна жети жыл мурун пенсияга чыккан, тажрыйбалуу аскер адамдары гана ат салыша алат. Алар конгресстин атайын макулдугун алышы керек.
Остин 2016-жылы отставкага кеткен. Анын талапкерлигин сенаттын профилдик комитети колдоп берген.
Ал 67 жашта, төрт жылдыздуу генерал даражасына ээ. Остин коргоо мекемесин жетектеген биринчи афроамерикалык болмокчу. Германия, АКШ, Ирак мамлекеттеринде аскердик кызматын өтөгөн. Вашингтондун "Ислам мамлекети"* тобу менен күрөшүүсүнө салым кошкон.2016-жылы пенсияга чыккандан кийин ири куралдарды чыгарган Raytheon компаниясынын директорлор кеңешинде иштеп жаткан.
Анда көрүнүп тургандай, жырткыч бутактардын ичке экенине карабай башына чейин чыккан. Биринчи аракетинде көздөгөн тамагын ала алган эмес. Бирок экинчи ирет бактын башына кайра чыгып, акыры майды алып кеткен.