БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Мен Кыргызстанды оңдойм деген тилегимди ишке ашырбасам атамдын, энемдин жана баламдын арбагы кечирбес. Мындай билдирүүсүн президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы менен алдыда келе жаткан Садыр Жапаров алгачкы маалымат жыйынында таратты.
"Мен Кыргызстанды оңдойлу деп жүрүп орду толгус жоготууларга учурадым. Эгер ошол кыялдарымды ишке ашырбасам, атамдын, энемдин, уулумдун арбагы кечирбес. Бирок мен ал кыялдарымды жалгыз ишке ашыра албайм. Жалпы элдин колдоосу керек. Анткени ууруларды, коррупционерлерди жоготуу өтө оор", — деди Жапаров.
Эске салсак, Кыргызстанда президенттик шайлоо 10-январда өттү. Шайлоонун алдын ала жыйынтыгын Борбордук шайлоо комиссиясы жарыялады. Ага ылайык, Жапаров атаандаштарын бир топ артка калтырды.
Президенттик шайлоодон кийинки кырдаал тууралуу Sputnik Кыргызстандын тексттик баяндамасынан тааныша аласыздар.
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары вице-спикерди шайлап жатат.
Төраганын орун басары кызматына оппозициялык фракциялардын квотасы менен көрсөтүлөт. "Ата Мекен" фракциясы Нурбек Сыдыгалиевди, "Өнүгүү – Прогресс" фракциясы Уланбек Исмаиловдун талапкерлигин сунуштады.
Мурдагы вице-спикер Мирлан Бакиров белгисиз себептерден улам өткөн жылдын 23-декабрында кызматын тапшырып кеткен.
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабын кайрадан Коргоо министрлиги деп өзгөртүү маселеси каралып жатат. Бул тууралуу маалыматты Генштабдын маалымат кызматы тастыктады.
Мекеменин Facebook баракчасында "Жарандар министрликти түзүүгө кандай карайт?" деген сурамжылоо жүргүзүлгөн. Анда элдин көбү бул идеяны колдогон.
"Өлкөгө жаңы жетекчинин келиши менен эски системага кайтуу планы бар. Тагыраагы, мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн", — деп белгилеген Генералдык штаб.
Эске салсак, Куралдуу күчтөр Генералдык штабга 2014-жылы бириккен.
2018-жылы Жогорку Кеңеште Коргоо министрлигин кайтаруу маселеси көтөрүлгөн. Анда депутат Алмамбет Шыкмаматов Генштабдын генералдары чет мамлекеттерде таанылбай жатканын, анткени мындай орган сыртта анча маанилүү мекеме эместигин белгилеген.