БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Россия Кыргызстандын негизги өнөктөшү бойдон кала берет. Бул тууралуу Садыр Жапаров президенттик шайлоодон кийин маалымат жыйында билдирди.
Ага журналисттердин бири "Россия менен КРдин алакасы мындан ары кандай болот?" деген суроону узаткан.
"Россия — башкы стратегиялык өнөктөш. СССР ураганга чейин 70 жыл чогуу жашадык. Андан кийин 30 жылдан бери мурдагыдай алакада тыгыз кызматташып келе жатабыз. Россия азыр дагы Кыргызстандын негизги өнөктөшү болуп кала берет", — деди Жапаров.
БШКнын акыркы маалыматтары боюнча, Жапаров шайлоочулардын 80 пайыз добушун алып, президенттик шайлоодо алдыда келе жатат.
Президенттик шайлоодон кийинки кырдаал тууралуу Sputnik Кыргызстандын тексттик баяндамасынан тааныша аласыздар.
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Жо Байден ант берип АКШнын президенттик кызматына киришти.
"Мен, Жозеф Робинет Байден, салтанаттуу түрдө Америка Кошмо Штаттарынын президенттик кызматын ак ниеттүүлүк менен аткарууга, Конституцияны кайтарууга жана коргоого болгон күчүмдү жумшайм деп ант берем", — деп билдирди.
Эске салсак, 3-ноябрда АКШда президенттик шайлоо өтүп, жыйынтыгында демократ Жо Байден шайлоочулардын 306 добушун алып жеңишке жеткен. Ал эми анын атаандашы АКШнын учурдагы башчысы Дональд Трамп 232 добуш алган. 7-январда добуш берүүнүн жыйынтыгы толугу менен расмий бекитилген.
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. АКШнын жаңы шайланган президенти Жо Байден Кыргызстан кошулган бир катар өлкөлөрдүн жарандарына Кошмо Штаттарга кирүүгө тыюу салууларды жокко чыгарганы жатат. Бул тууралуу анын командасына шилтеме берип РИА Новости маалымдады.
Чектөөлөрдү мурда Дональд Трамптын администрациясы киргизген.
"Байден ал чечимди жокко чыгарып, негизинен мусулмандардан турган жана Африка өлкөлөрүнүн жарандарына АКШга кирүүгө уруксат берет. Ошондой эле Мамлекеттик департаментке аталган өлкөлөрдүн жарандарына виза берүү маселесин жаңылоону тапшырат”, — деп айтылат билдирүүдө.Ошондой эле Байден иммигранттарды АКШдан чыгарылбай, убактылуу жашоого мүмкүндүк берген DACA программасын бекемдөөнү карап жатканы кошумчаланды. Аталган программа ушул тапта депортациядан 700 миң кишини сактап турганы кошумчаланды.
Учурда Мьянма, Иран, Кыргызстан, Ливия, Судан сыяктуу 13 мамлекеттин жарандарына АКШга кирүүгө чектөөлөр коюлган.
Жо Байдендин инаугурациясы 20-январь күнү Вашингтон шаарында өтөт.
Россиялык мушкер казакстандык атаандашы Сергей Морозовду муунтуу ыкмасы менен утуп кетти. Беттеш 2-раундда соңуна чыкты.
Ал беттеш аяктаган соң агасы Хабиб дагы алгачкы жеңишин дал ушундай ыкма менен багындырганын эске салды.
"Мен бактылуумун. Тогуз жыл мурда бул рингге Хабиб кирип, дал мендей болуп утуп чыккан. Анын ыкмасын кайталаганыма кубанычтамын”, — деди ал.
Таймашка секундант катары катышкан Хабиб Нурмагомедов өзү инисиндей болуп экинчи эмес, үчүнчү гана раундда жеңгенин кошумчалады.