БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Жакындарым, бир туугандарым коррупциялык ишке аралашса алар жазасын сөзсүз түрдө тартат. Бул тууралуу президенттик шайлоодо алдыда келе жаткан Садыр Жапаров маалымат жыйында билдирди.
Ага журналист жакын туугандары кокусунан коррупциялык иштерге аралашып калса эмне кыласыз деген мааниде суроо узатты.
"Менин жакындарым, бир туугандарым коррупциялык же кандайдыр бир иштерге аралашкан болсо, алар жазасын сөзсүз түрдө тартат. Муну сөз эмес иш жүзүндө далилдеп берем", — деди Жапаров.
БШКнын акыркы маалыматтары боюнча, Жапаров шайлоочулардын 80 пайызга жакын добушун алып, президенттик шайлоодо алдыда келе жатат.
Президенттик шайлоодон кийинки кырдаал тууралуу Sputnik Кыргызстандын тексттик баяндамасынан тааныша аласыздар.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. АКШ президенти Жозеф Байден Россия тарап менен көйгөйлүү маселелерди талкуулоого даяр экенин билдиргенин РИА Новости жазды.
Мамлекет башчынын айтымында, тиешелүү мекемелерден Москвага байланыштуу темалар боюнча түрдүү маалыматтарды сураган.
Ошондой эле президент стратегиялык чабуул коюучу куралды кыскартуу жана чектөө жаатында да АКШ Россия менен кызматташа аларын белгилеген.
"Өлкөбүздүн кызыкчылыгы үчүн СНВ-3 келишимин узартууга аракет кылсак болот. Россия тарапка Навальныйдын аракети, Solar Winds кырдаалы же Афганистандагы америкалык аскерлердин башы үчүн сыйлык тууралуу билдирүүлөргө тынчсызданып жатканыбызды билдиргибиз келет", — деген Байден.
Маалыматта бардык айыптоолорду Москва бир нече жолу четке какканы айтылат.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Өкмөттүн Жалал-Абал облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Чаткал районунун Терек-Сай айылына барды. Бул туурасында облус жетекчилигинин маалымат кызматы билдирди.
Ал "Эти Бакыр Терек-Сай" ишканасынын алтын ылгоочу эски фабрикасындагы саркынды суу чогулган жайдагы кырсыктын себептерин жеринен көрүп чыккан.
Облус башчысы жагдай боюнча тараптар менен сүйлөшүп, учурда суу жана топуракта зыяндуу заттардын бар же жоктугун аныктоо боюнча лабораториялык иштер жүрүп жатканын айткан.
"Бул багытта атайын комиссия түзүлүп, маселени ар тараптуу калыс иликтөө үчүн жергиликтүү тургундардан да кошулду. Окуянын келип чыгуусуна кайдыгер мамиле жасагандар сөзсүз түрдө мыйзам чегиндеги жоопкерчиликке тартылат. Азыркы учурда кооптуулук жараткан жагдайлар жок. Абалдан чыгуу үчүн тургундардын сабырдуулугу керек. Такталбаган маалыматтардан оолак болуп, мыйзамдан сырт көрүнүштөргө барбоого чакырам. Жашоочулардын ден соолугу биз үчүн да маанилүү", — деди Сыргабаев.
Айыл тургундары кен иштеткен компанияга болгон бир катар нааразычылыктарын айтып, муктаждыкты жоюуда үймө-үй суу жеткирүү жетишсиз болуп жатканын билдиришкен. Өкмөттүн өкүлү бул маселени чечүүгө ишкана толук жоопкерчилик аларын айтып, тийиштүү тапшырмаларды берген.
"Кыргыз алтын" жана Түркиянын "Эти Бакыр" компанияларынын биргелешкен "Эти Бакыр Терек-Сай" ЖЧКсы бул аймакта 2016-жылдан бери иштеп келет.
Терек-Сай айыл аймагында Терек-Сай жана Кызыл-Токой аттуу калк жашаган эки айыл бар. Мында жалпы 5 500 киши жашаары айтылып, эки айылдын эли тең аталган суудан пайдаланышары маалым болду.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Беш-алты айдан бери маянасын толук ала албай келген жолчулар бүгүн Транспорт жана жолдор министрлигинин алдына митингге чыгышты.
Өлкөнүн ар аймагынан келген 60ка чукул жол кызматкери чогулуп, эмгек акыларын өз убагында беришин талап кылып жатат. Алар сентябрдан бери айлык толук төлөнбөй 2000-3000 сомдон гана берилип жатканына нааразы. Маселени аймактагы жетекчилер чече албагандыктан министрликке келүүгө аргасыз болгонун айтышты. Алардын бири Нарындын Ат-Башы районунда жол тазалап иштеген Жаңыбай Кенжебаев.
"Акыры айлабыз кеткенде үнүбүздү чоңдорго жеткирели деп Бишкекке келдик. Жеке мен декабрдан бери айлык ала элекмин. Эмгек өргүүгө чыксак, аны да төлөп беришкен жок. Биз аба ырайы кандай болгонуна карабай жолдо иштеп, бирок акыбызды ала албай чуркап жүрөбүз. Ал эми кышкысын жылуу, жайында көлөкөдө отурган мекеме кызматкерлери убагынан кечиктирбей алууда", — деди Кенжебаев.
Чогулган жолчулардын алдына Жол чарба департаментинин директорунун орун басары Жумаш Сооданбаев чыкты. Ал январдын айлыгы толук төлөнөрүн, ал эми февралда мурдагы карыздары кошулуп берилерин убадалады.